Эрке министр Ажикеев селден жийиркенеби?

Быйыл жаздан бери республиканын көпчүлүк аймактарын сел каптап, жабыркаган жарандарыбыз арбын катталды. Атургай айрым айылдар эки ирет ташкындаган сууда калышты. Албетте, бул Кудайдын сыноосу! Бирок мамлекет, жергиликтүү бийлик, элибиз да жапатырмак кооптуу жерлерден сактанууга барышыбыз керек.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел алган облус, айылдарга барганын көргөн жокпуз. Бул жагынан сын-пикирлер ЖМКларда, парламентте да айтылган. Андан бери кандай тыянак чыкканын деле баамдай албадык. Жаратылыш кырсыктары болгон жерлерге жогорку жетекчиликтен барышса, жергиликтүү адистердин, тургундардын сунуштарын, көйгөйлөрүн угушса, ортодон натыйжалуу иш жүргүзүүгө өбөлгө түзүлөт беле? Ооба, өкмөт башчы, министр сөзсүз табигат кырсыктары катталган аймактарды кыдыруусу милдет да. Ошол эл бар үчүн кызматта отурушканын сезишпейби? Өкүнүчтүү!
18-августтун кечинде Корумду, Темир айылдарын сел ташкындап каптаган. Ошого катар Булан-Сөгөттүнү, “Аврора”, “Аврора плюс”, “Карвен” эс алуучу жайларын да суу баскан. 19-августка караган түнү Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп ройондорунда жамгыр катуу жаап, аягы селге айланганы кабарланды. Жергиликтүү бийлик жана тургундар колдорунан келишинче үй мүлктөрүн сактап калууга жанталашып жатышса, эмнеге ӨКМ убагында ыкчам аракетте чара көргөнгө барган эмес?
Кызык, коомчулук да таңгалып келет. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эмне үчүн апаатка айланган жерлерди өз көзү менен көрүп, элдин абалын сурап койбойт? Маселени кабинетте эмес, аймактарда чече турган шартты камсыздабайбы? Балким ылай-баткактан жийиркенип жүрбөсүн? Бул министр кычырап кийинип алып, сүрөткө түшүп, же видео билдирүүсүн анда-санда чыгарып коюп, үлпүлдөп жүрө береби? Аянычтуу элдин көргөн күнүнөн качан кабар алат? Суроолор көп. Жообу белгисиз. Ушундай кайдыгерлик мамилени көпчүлүк билсин да, туурабы? Эрке министр экен, эрксизден баш чайкайсың...
"Азия Ньюс" гезити