Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыяз Молдокасымов, тарыхчы: “Биз Мургаб, Жерге-Тал боюнча маселени көтөрүп чыкканыбыз туура болот”

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы: “Биз Мургаб, Жерге-Тал боюнча маселени көтөрүп чыкканыбыз туура болот”

26-сентябрь, 19:30
666 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстан-Тажикстан маселеси боюнча жаңы архивдик материалдар табылганы айтылууда. Бул тууралуу оюңузду уксак?

-- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара талашы дагы деле толук чечилбей, ар кандай маселелер жаралып жаткандыгын соңку мезгилдердеги Камчыбек Кыдыршаевичтин кайрылуусунан дагы уктук. Президенттин Тажикстанга барып, аягына чейин болбой кайра кайта бергенинен да боолголоп жатабыз. Чындыгында Камчыбек Кыдыршаевич эң туура айтты. Чек ара маселесинде ар кайсы дооматтарын арта бербей, дипломатиялык жол менен чечиш керек. Тажикстан эки жолу агрессия жасады. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан өткөн жылы кыргыз президенти да айтып кетти. “Азыр жаңы архивдик документтер табылды. Ал боюнча Тажикстанга жаңы дооматтарды айтсак болот” деп дагы бир маселенин башын чыгарды. Бул эмне экенин архивдик материалдарды көрбөгөндөн кийин так айта албайбыз. Бирок биз боолголоп жатабыз, өз мезгилинде кыргыздар жашаган айрым жерлер Тажикстанга берилип кеткендигин тарыхый материалдар аркылуу так билебиз. Ошон үчүн бүгүнкү күндө Тажикстан талаш-тартышты уланта берсе, биз Мургаб, Жерге-Тал боюнча маселени көтөрүп чыкканыбыз туура. Душанбе шаарында бир катар президенттердин катышуусунда атайын консультативдик кеңеш өткөрүлдү. Ага президентибиздин барып койгону туура эле болду. Бирок ошол жерде да чек ара маселеси боюнча айрым бир дооматтар болгондон улам Камчыбек Кыдыршаевич кайрылуусун айтты деп ойлойм. Ошондуктан чек ара маселесин Тажикстан менен дипломатиялык жол менен алардын агрессиясына жол бербей, тынчтыкта эртерээк чечип алганыбыз оң болот. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер