Акыркы кабарлар
» Коом » Чек ара чыры: Бирөөнүн абалы оор. 4 адам ооруканага түштү
Чек ара чыры: Бирөөнүн абалы оор. 4 адам ооруканага түштү
29-апрель, 15:41
589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам жабыркаган 4 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы маалымат таратышкан.
Билдирүүгө ылайык, жаракат алган 4 тургундун бирөөсү медициналык жардам алган соң үйүнө чыгарылган. Эки бейтап Самаркандек аймагынын ооруканасына жаткырылган. Ал эми дагы бир бейтап ок атуучу куралдан жаракат алып, Лейлек аймагынын ооруканасына жайгаштырылган. Анын абалы оор деп бааланууда.
"Самаркандектеги бир бейтап баш мээсинен жабыркаган, экинчи бейтап болсо денесинде сыныктар бар. Жеринде "Тез жардам" кызматынын 3 бригадасы иш алып барууда. Зарыл болгон учурда Ош шаарынан дагы адистер жиберилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.