Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул УМБЕТАЛИЕВ: “Түндүкэлектр” акылдуу эсептегичтери менен алдаганы анык болууда”

Расул УМБЕТАЛИЕВ: “Түндүкэлектр” акылдуу эсептегичтери менен алдаганы анык болууда”

10-январь, 14:00
514 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Түндүкэлектр” ишканасы акылдуу эсептегичтери менен элди тымызын жеп жатат” деген коомчулуктун нааразылыгы токтобой, улам күч алууда. Айрым күндөр да туура эмес эсептелип, кызыктай айырма бар экени айтылууда. Сиз буга кандай пикирдесиз?

-- “Акылдуу” эсептегичтерди деле, “акылсыз” эсептегичтерди деле энергетиктер жасаган. Акыркы ноябрь, декабрь айларында акылдуу эсептегичтер жакшы иштебей калат. Эмнеге дегенде, энергетиктер толук кандуу эсептегичтердин баарынын көрсөткүчтөрүн өзгөртөт. Бул биринчи жагынан. Экинчи жагынан, ноябрь, декабрь айларында электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар атайын көлөмдөрүн көбөйтөт. Дебитордук карызды көбөйтүп, техникалык, коммерциялык жоготуу көрсөткүчтүн азайтышат.

-- Бул атайын жасалабы?

-- Атайын жасалат. Акылдуу эсептегичте энергетика тармагында иштеген кызматкерлердин өз көрсөткүчтөрү бар. Бул акылдуу эсептегич 220 вольт болмоюнча иштебеш керек эле. А булар болсо көрсөткүчтү, кубаттуулукту азайтып, 180 вольттон баштап иштей берет. Акылдуу эсептегичтер толук кандуу иштебей жатат. Себеби, атайын эсептегичтерди иштеткен компьютердик система иштеген жок. “Түндүкэлектр” ишканасынын диспетчердик бөлүмүнө акылдуу эсептегичтердин көрсөткүчү түздөн-түз барышы керек эле. Бирок, андай болбоду. Көзөмөлдөөчүлөр келип карап, көрсөткүчтү жазып кетишүүдө. Бул система толук кандуу ишке кирбегени айкын.

Ошонун негизинде көп нааразычылыктар болууда. Ноябрь, декабрь айында көрсөткүчтөр эки-үч эсе көп келет. Өкмөт тарабынан энергияны бөлүшчү тарапка “коммерциялык, техникалык жоготууну азайткыла” деген талап коюлат. Булар болсо атайын эсептерди жаптырып, карыздарды көбөйтүп, баарын өчөшкөндөй жасашат. 

-- Бул үчүн ким жооптуу? 

-- Эч ким жооп бербейт. Энергетикадагы коррупцияны айтсак, эч ким көңүл бурбайт. Өкмөт дагы, башка мамлекеттик органдар дагы кайдыгер. Чындыгында толук кандуу комиссия түзүлүп, мунун баарын аныктап чыгуу керек. 2019-жылдын 16-декабрында атайын токтом менен Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. Толук кандуу энергетика маселелерин ошол эле акылдуу эсептегичти текшерүү боюнча, дебитордук карыз, коммерциялык, техникалык жоготуу, энергетикадагы коррупцияны кароо боюнча түзүлгөн. Алар калыс, жакшы иштесе, көптөгөн коррупция жолдору, деңгээли толук ачылышы мүмкүн.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер