Акыркы кабарлар
» Саясат » Депутаттар чогулушуп, гимнди угуп тарап кетишти
Депутаттар чогулушуп, гимнди угуп тарап кетишти
01-сентябрь, 12:24
593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жогорку Кеңештин депутаттары VI чакырылыштын кезектеги сессиясын ачып, гимнди угуп, тарап кетишти.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланышы керек. Бирок, үгүт иштерине байланыштуу 4-сентябрда депутаттар шайлоочулар менен жолугушуу үчүн тарап кетишет.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, шайлоо 4-октябрда өтөт.