Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Акматалиев: “Конституция алмашса, кайра президенттик шайлоо болот”

Алмазбек Акматалиев: “Конституция алмашса, кайра президенттик шайлоо болот”

22-ноябрь, 14:47
1 258 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алмазбек мырза, Кыргызстанда президенттик кызматтын баркы кеткенби же бизде акылына, мүмкүнчүлүгүнө карабай эле баары президент болууну самашабы?

-- “Катышам” деп арыз жазуу менен БШК аркылуу расмий каттоо бул эки башка нерсе... Расмий каттоодон өткөн соң, анан кандидаттардын мүмкүнчүлүктөрүн аныктасак болот. Көп талапкерлердин чыкканы бул президенттик жумуш дагы деле кадыр-баркы жана мааниси бар экенин далилдейт. Кээ бирөө жөн эле "хохма" үчүн арыз жазып коюшту же менталдык жактан жабыркаган адамдар. Алардын атын атап, пиар кылыштын кереги жок. Тескерисинче, көңүл бурбаш керек, расмий каттоого чейин. Алар так ошол пиарды күтүп жатышат.

-- “Мөл булак” кредит компаниясынын башчысы "мени шайласаңар элдин алган кредиттерин кечем. Тышкы карыздан кутултам" дептир. Президенттик шайлоодо анын демилгеси колдоого алынып,  эл добуш бериши мүмкүнбү?

-- “Мөл булактын” жетекчисинин антип айтканы сыйга татыктуу, бирок мыйзам боюнча бул подкуп болуп саналат! Анан көрөсүңөр, эл айтат, “биринчи кутулт карыздан, анан шайлайбыз” деп. Мындай популисттик убадаларды эл көп уккан да. Шайлоого чейин бекер айткан жок, шайлоонун убагында антип айтса четтетилип калат! Бул да саясый технология...

-- Президенттик шайлоодо чыныгы атаандаштык кайсы талапкерлердин ортосунда болушу ыктымал?

-- Чыныгы атаандаштык 2-3 талапкерлердин арасында болушу мүмкүн... Кимдердин арасында болорун айтуу азыр эрте. Расмий каттоодон өтүшкөндөн соң божомолдосок болот. 

-- Жаңы бийликтин таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө күчү, мүмкүнчүлүгү жетеби?

-- Азыркы бийлик сөзсүз таза шайлоо өткөзгөнгө милдеттүү. Ага укуктук негиз да түзүлүп калды, мисалы, “форма-2” жоюлду. Анан да президенттик шайлоонун парламенттик шайлоо менен салыштырмалуу табияты башка. Эгер таза шайлоо болбосо, одоно мыйзам бузулса, анда аягы жакшы бүтпөйт. Өкмөт аны жакшы түшүнүп аткан болушу керек. Анүстүнө, эл өзү да катуу көзөмөлгө алары шексиз...

-- Референдумдан кийин жаңы Конституция кабыл алынса, эреже боюнча жаңы президенттик шайлоо болушу керекпи?

-- Эгер жаңы Конституция боюнча бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары чоң өзгөрүүгө дуушар болсо, анда албетте, кайра президенттик шайлоо болушу ыктымал. Мындай талап ошол өзгөрүп жаткан Конституциянын акыркы беренелерине камтылышы абзел, ошондо укуктук жактан туура болот.

-- Өкмөттүн тышкы карыздан кутулуу үчүн эки эсеп ачканы аргасыздыкпы?

-- Өкмөттүн тышкы карызды төлөө үчүн ачкан эсептерин колдойм, бул ошондой кайрылуулардан болуп жатат. Ким кааласа акчасын берээр... Бирок, негизи ким уурдаса, ошону төктүрүшсө туура болот. Негизги жүктү ошол уурулар көтөрүш керек, карапайым элди кыйнабайлы.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер