Жайында өзүңдү алсыз сезип жатсаң – бул организмдин реакциясы


Азыр көптөр ушундай арызданат:
-- эртең менен туруу кыйын;
-- эч нерсеге күч, каалоо жок;
-- күн бою уйку тартып турат;
-- баш ооруйт же оор тартып турат.
Эмне үчүн мындай болот?
Бул жалкоолук эмес. Бул – денеңдин ысыкка болгон табигый жообу.
Аба ырайы ысык болуп турганда кан тамырлар кеңейет (бул денени муздатуу үчүн), кан басым түшөт, кан айлануу жайлайт, мээ жана дене кычкылтекти аз алат. Мунун кесепети – чарчоо, баш оору, көңүл чөгүү жана жадагалса ачуулануу.
Изилдөөлөр эмне дейт?
Гарвард университетинин 2018-жылкы изилдөөсүндө белгиленгендей, кондиционери жок бөлмөдө жашаган студенттердин эстутуму жана көңүл топтоо жөндөмү кыйла төмөн болгон. Бул ысык мээнин иштөөсүнө тикелей таасир берерин көрсөтөт.
Изилдөө шилтемеси (англисче)
Дагы бир булак – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ):
“Ысык күндөрдө суусуздануу, басымдын түшүшү жана жылуулук соккусу (тепловой удар) коркунучу жогорулайт, айрыкча балдар жана карылар үчүн”.
Шилтеме (англисче)
Эмне кылыш керек?
-- эртең менен муздак душ жана бир стакан туз кошулган суу;
-- түшкө жакын майлуу жана оор тамактан кач;
-- кечинде, өзгөчө 16:00дөн кийин өзүңдү кыйнаба, организмди угуп үйрөн;
-- суусаганча күтпө, суу ичип тур;
-- колуңдан келишинче көлөкөдө же салкын жерде бол.
Эң негизгиси, өзүңө жумшак бол. Сен сезип жаткан абал – бул нормалдуу. Денең оор шартта иштеп жатат. Азыр ал энергияны үнөмдөп, өзүн коргоодо. Аны мажбурлабастан, жардам бер. Жай айлары – жеңил ыргакта жашоону үйрөнө турган мезгил.
Эрмек Исмаилов
"Азия Ньюс" гезити











