Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Covid-19 мээни кантип өлтүрөт? Инсульт, мээге кан тамуу, эс тутумун жоготуу...

Covid-19 мээни кантип өлтүрөт? Инсульт, мээге кан тамуу, эс тутумун жоготуу...

02-октябрь, 13:37
614 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу Британияда коронавирус менен ооруган аялдын мээси жабыркаган окуя боюнча «Иносми.Ру» басылмасы жазды.

Басылма аял кантип, эс тумунун жоготкону тууралуу баяндайт.

«Аялдын көзүнө үйүндө арстан жана маймылдар жүргөнү көрүнгөн. Ал эмне болуп жатканын түшүнбөй, агрессивдүү болуп, күйөөсүн дагы кайдан келип калган алдамчы (?деп тааныган эмес. Аял 55 жаштар чамасында болгон. Ал психоз күч алчу курактан бир топ улгайган эле. Андан сырткары, аялда мурда мындай психикалык оорулар байкалган эмес, бирок сovid-19 менен ооруган. Бул коронавирус менен ооруган бейтаптарда психикалык бузулардын байкалган алгачкы учуру болуп саналат.

Коронавирус менен алгач күрөшүп жатканда дарыгерлер бейтаптардын дем алуусун камсыз кылып, инфекциянын бооруна жана жүрөккан-тамыр системасына түшүп кетпешин алдын алышкан эле. Бирок айрым бейтаптарда аң-сезим бузуулары дагы байкалган. Бул бейтаптар айланада эмне болуп жатканын түшүнүшпүй, башаламандыкта калышкан...

Апрель айында жапониялык окумуштуулардын тобу, коронавирус менен ооруган бейтаптан шишик жана мээнин ткандарынын сезгениши байкалганын айтышкан. Дагы бир билдирүүдө, бейтапта миелин (липоиддик жана белоктук нерв талчаларын коргогон аралашма) бузуулары байкалгандыгы айтылган. Бул оорулар кооптуу склерозго алып келет.

Калифорниянын Сан-Диего университетинде иштеген невролог Элиссон Муотри (Alysson Muotri), «неврологиялык симптомдор барган сайын өтө коркунучтуу болуп жатат» – деп айткан.


“Репортер”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер