Абысыным менен күйөөмдүн интим мааниде жазышканы айламды кетирди


Абысыным күйөөмдөн 3 жаш кичүү. Экөө күндө жазышчу ватсаптан күйөөм тазалап турчу, кээде калтырып койчу. Көрсө экөө жаман жазышкандарын өчүрүп, калгандарын калтырып койчу экен. Мен дагы “ии жеңеси да” деп маани деле берчү эмесмин. Күйөөм бүгүн мас болуп келди. Телефонун тазалаганды унуткан окшойт. Күйөөм жазыптыр, “сиз болбой атасыз го, андай нерселер көп эле башкаларда билгизбей эле жасашат...” десе, жеңем болсо “бойдок кезде макул элем сендей жигитге” дептир. Элестеткиле. Күйөөм “эч ким билбейт дедим го” десе, “убакыт көрсөтөт” деп абысынымдын күлгөн смайлик жибергени таңгалдырды. Күйөөм “убакыт көрсөтпөй койду го, ушуга чейин ушинтип жүрө беребизби?” деп наалыптыр. Тобаа кылдым, жалдырап эле отурам, скрин кылып өзүмө сактап алдым. Кайнагам да бир жооош неме. Ызаланып эмне кылаар айламды таппай отурам. Менин ордумда болсоңор эмне кылмак элеңиздер?
Айдай











