Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнест Карыбеков: “Улуттун кызыкчылыгы үчүн Садыр Жапаровду колдойлу”

Эрнест Карыбеков: “Улуттун кызыкчылыгы үчүн Садыр Жапаровду колдойлу”

14-ноябрь, 01:21
597 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эрнест мырза, “Конституцияга оңдоо-түзөө кирет” дегенден бери эл арасында башкаруунун түрлөрү боюнча талкуу жандана баштады. Сиз Кыргызстанга башкаруунун кайсы түрү ылайыктуу деген ойдосуз?

-- Мен кандай башкаруу болсо да, жоопкерчиликтүү башкаруу системасын   колдойт элем. Анткени, азыр коомдо адашуу болуп жатат. Бири президенттик башкаруунун артыкчылыгын айтса, бири жоопкерчилиги жок парламенттик система жакшы (!) деген ойдо. Кыскасы, эки башкаруу системасынын күнгөй-тескейин, артыкчылыгын, кемчилигин баса белгилеп жатышат. Мен айтат элем, кандай башкарууну тандасак дагы, эң биринчи жоопкерчилик болуш керек деп. Анткени, азыркы Конституцияда жоопкерчилик жок болгон үчүн башаламандык орун алды. Ошон үчүн кандай башкаруу болсо дагы, элдик курултай институтун  киргизип, Жогорку сот, Жогорку Кеңеш, эсеп палатасы, башкы прокурор жылына бир жолу милдеттүү түрдө элге отчёт бере тургандай кылышыбыз керек. Ошондой эле парламенттин мыйзам чыгаруу палатасын 45 депутаттан ашырбай, мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары менен президенттин ортосунда соодалашуу  болбой тургандай кылып элдик көзөмөлдү күчөтүшүбүз зарыл. Ошондо президент менен депутаттар тымызын сүйлөшүп алышып, элге каршы мыйзамдарды кабыл алалбайт жана президентке импичмент жарыялайбыз (!) деп соодалашууга барышпайт. “Депутаттардын президентке импичмент жарыялай турган укугу жок” деген норманы киргизүү зарыл.  

-- Сиздин оюңуздан алганда, башкаруудагы президент чектен чыгып кетсе, ким импичмент жарыялашы керек?

-- Президентке импичментти 800-1000 делегаттан турган элдик курултай  жарыяласа, президент да, башкалар да “элдин ишенимин жоготуп албайын” деп жандалбастап, сестенип иштейт. 

-- Депутаттарды кандай система менен тандасак мыктысын, эл үчүн иштегенин шайлаганыбызга шарт түзүлөт?

-- Кыргызстанга депутаттарды бир мандаттуу округдан шайлоо менен тандасак, мыктысын, “эл үчүн иштейм” дегендерин шайлоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби, партиялык система деп отуруп шайлоо системасын талкаладык. Акчалуулардын парламентке умтулушуна жол ачтык. Алтургай партия – бул жөн эле жеке кызыкчылыгын ишке ашырууну көздөгөндөрдүн уюму экенин билдик. Конкреттүү жарандарды эмес, партияны шайлап отуруп, депутаттык мандаттын кадырын кетирдик. Партиялык системанын мамлекетке тийгизген кесепетин, катачылыктарын эске алганда, кыргыздарга бир мандаттуу шайлоо эле туура болчудай деген ойго келдим. 

-- Өмүрбек Бабанов “Садыр Жапаровду колдогонум үчүн президенттикке талапкерлигимди койбойм” дегенин кандай кабыл алдыңыз?

-- Бирөөнү колдойбу же колдобойбу, президенттикке аттанабы же аттанбайбы – ар бир жарандын өзүнүн эрки. Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо жеңишке жетпесин түшүнүп, бу сапар талапкерлигин койгон жок да. Ошондой болсо дагы, Садыр Жапаровду колдогону коомго, өлкөгө кошкон салымы. Азыркы оор кырдаалда саясатчылар өздөрүнүн жеке амбициясын жыйыштырып, жабыла  Садыр Жапаровду колдосо болот эле. Анткени, азыр Садыр Жапаровду калың эл колдоодо, өзү дагы өлкөбүздү кыйроо абалга алып келген мамлекеттик башкарууну өзгөртүүгө бел байлады. “Элдин бийлигин элдин колуна алып берем” деп жан үрөп иштеп атат. Кыргызстан тарыхый ашууда турганда, улуу журт, улут биригип, улуттун кызыкчылыгын алдыга коюп, идеяларды бириктирип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушубуз керек. Тагыраагы, “Кыргызстан качан чачырап жоголот?” деп күтүп аткан мамлекеттердин тилегин таш каптырып, кыргыз улуту биригип, өткөөл мезгилде пайдасынан зыяны көп мыйзамдарга таянбай, жалпы эл колдогон иштердин баарын мыйзамдуу деп эсептешибиз керек!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер