Оренбургда кайрадан кыргызстандык 70тей мигрант чогулду
Оренбург облусундагы орус-казак чек арасына жакын жерге кайрадан кыргызстандык мигранттар чогулуп жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окурмандары кабарлаган. Чогулгандар “казак тарап транзиттик коридор ачып берет” деп күтүүдө.
“12 күн мурун 30 киши келген. Андан 8 күндөн кийин дагы 40 киши келди. Азыр Оренбургда 70 кыргызстандык чогулду. Биз өкмөттөн жардам сурайбыз: ушул маселени чечип бергиле. 10 күндөн бери бизге жооп берише элек. Бизди качан алып кетишет? Учурда ачык асман алдында, целлофан жамынып жатабыз. Бул жерге чогулуп жатканыбыздын себеби, Орусияда каттообуз жок болгондуктан бизге айып салып жатышат”.
Чогулгандардын айтымында, алар бул маселе боюнча Орусиядагы кыргыз элчилигине, бийликке кайрылуу жасашкан, бирок, жооп алышкан эмес.
“Биз силерге керекпизби же жокпу? Орусияга жыргаганыбыздан келген жерибиз жок, үй-бүлөбүздү багалы деп келдик. Бизди үйдө балдарыбыз күтүп жатат” дейт чогулгандардын бири.
Эске салсак, буга чейин да Оренбург облусундагы орус-казак чек арасына жакын жерде 500дөй кыргыз жарандары чогулушуп, ачык асман алдында бир жарым айдай жатышкан. Акыры алар өкмөт тарабынан Кыргызстанга алынып келинген. Ошондон кийин Орусиядагы кыргыз элчилиги кыргызстандыктардан чек арага барбоону суранган.