Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чубак ажы Жалиловдун ысымы жаңы конушка ыйгарылат

Чубак ажы Жалиловдун ысымы жаңы конушка ыйгарылат

19-октябрь, 18:46
402 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуштарынын бирине белгилүү дин аалымы, маркум Чубак ажы Жалиловдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу аталган айылга Чубак ажы атындагы мечит, медресенин курулушунун капсуласын салуу иш-чарасында айтылгандыгын муфтияттан кабарлашты.

Аталган иш-чарага Кыргызстандын муфтийинин кеңешчиси Асан ажы Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев, Чубак ажынын атасы Тажикул Жалилов, Базар-Коргон районунун баш имам-хатибинин орун басары Ашим ажы Абидинов жана демөөрчүлүк топтун өкүлү Нурбек Абдували уулу, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы конушка белгилүү дин аалымынын ысымын ыйгаруу жергиликтүү эл тарабынан демилгеленген. Ал эми айылга мечит, медреселерди куруу үчүн Акман айылынын Бактыгүл аттуу тургуну өзүнүн үлүш жерин берген.

Эскерте кетсек, аталган курулуштарга Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы каржылык колдоо көрсөтүүдө. Демөөрчү топтун атайын өкүлү Нурбек Абдували уулу үй-бүлөлүк фельдшердик пунктун да куруп берүүсүн убадалады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер