“Центерра Голд” мындан ары Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калганын айтты


Канададагы “Центерра Голд” компаниясы Жогорку Кеңештин “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкаруу киргизүү боюнча чечимине жооп берди. 17-майдын кечинде жарыяланган билдирүүдө кыргыз парламентинин соңку чечими “Центерра Голд” менен “Кумтөр Голд Компанинин” укуктарына, кыргыз өкмөтүнүн узактан берки келишимдердин алкагындагы милдеттемелерине каршы келери белгиленген.
Ошондой эле кыргыз бийлиги өз өкүлдөрүн кенге, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына жана айрым кызматкерлеринин үйлөрүнө жөнөтүү менен 15-16-май күндөрү Кумтөр алтын кенине өз көзөмөлүн орноткону жазылган.
“Жыйынтыгында “Центерра Голд” мындан ары Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калды жана кендеги кызматкерлердин же андагы операциялардын коопсуздугун камсыз кыла албайт. Өкмөт көзөмөлдү колго алардан бир аз мурда бардык негизги коопсуздук, мониторинг жана операциялык системалары кынтыксыз иштеп жаткан” деп айтылат билдирүүдө.
Бирок канадалык компания кыргыз өкмөтүнүн мурда болуп көрбөгөн аракеттеринен улам” “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын Кыргызстандагы бардык жергиликтүү кызматкерлеринин “Центерра Голд” глобалдык IT системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектегенин, бул чечим системага ким бирөөлөрдүн уруксатсыз кирүүсүн алдын алуу үчүн жасалганын кошумчалады.











