Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Ысык-Көлдү таштанды ыргытчу жай кылып алганыбыз өтө өкүнүчтүү”
-- Нуржигит мырза, президент Садыр Жапаров ӨКМдин Ысык-Көлдүн түбүндөгү тазалоо иштерин чагылдарган видеосуна комментарий берип, жарандарыбызды көңүлкош болбоого, тазалыкты сактоого чакырды. Такай экология боюнча маселе көтөрүп жүргөн киши катары бул багытта кандай иштер жасалышы керек деп ойлойсуз?
-- Жаратылышты кордосоң жаратылыштан да жооп аласың. “Кожожаш” эпосу, “Карагул ботом” дастаны ошол жөнүндө. Ысык-Көлдү “кыргыздын бермети” деп коебуз. Берметке берметтей мамиле керек да. Аны таштанды ыргытчу жай кылып алганыбыз өтө өкүнүчтүү. Көбү “дарбыздын кабыгын ыргытып ийсек, өзү чирип жок болот” деп ойлойт го. Жок, чирибейт. Желим бөтөлкөлөр болсо суу түбүндөгү, жээктеги жаныбарлардын өлүмүнө себепкер болот. Ал уу чыгара турган нерсе да. Андыктан, президентибиздин демилгеси абдан туура. Эми ага кандай реакция кылабыз, кептин баары ошондо. Айтып коюшат эмеспи, “тазалаган таза эмес, булгабаган таза” деп. Мен ойлоп атам, көлгө эс алууга келгендердин, эс алуучулардын бир кодексин иштеп чыгыш керек. Бул жерде экоактивисттердин да салымы чоң болууга тийиш.
-- Сууну булгап жаткан ишканалар боюнча да маселе көтөрдүңүз эле...
-- Ооба, Жети-Өгүздө сууну булгаган сүт заводу бар экен. Мен аны социалдык түйүндөрдөн көрүп калып, реакция жасагам. Протоколдук тапшырма берсем, мага “чара көрүлдү, айып пул салынды” деген жооп келди. Бул биз көрүп калгандар эле, көрбөгөндөрүбүз канча?! Ошон үчүн бул жерде “көрбөйт” деп эле кыла бербей, абийир соту болуш керек.