Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Якутияда каза болгон беш кыргызстандыктын сөөгү ошол жерге токойго коюлган

Якутияда каза болгон беш кыргызстандыктын сөөгү ошол жерге токойго коюлган

10-июль, 13:18
1 069 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Якутияда каза болгон кыргызстандык жарандар жергиликтүү мусулмандардын көрүстөнүндө жерге берилген. Бул тууралуу 10-июлда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги “Супер” сайтына билдирген.

Буга чейин Россиядагы басылмалар Якутск шаарындагы токойдо Борбор Азиядан келгендердин сөөгү жашырылган көрүстөн табылганын жазып чыгышкан. Тергөө комитети бул факт боюнча текшерүү иштерин баштаган болчу.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, аталган жайга кыргызстандык 5 адамдын (төртөө Кыргызстандын жараны, бири Россиянын жарандыгын алган кыргызстандык киши) сөөгү коюлган.

«Сөөктөрдү жерге берүүгө тиешелүү уруксат жана документтер бар болгон», - деп айтылат маалыматта.

Аталган көрүстөндүн аймагы өз убагында тосулбай калган. Акыркы маалыматтар боюнча, Саха Республикасынын (Якутия) мусулмандар дин башкармалыгы көрүстөндүн аймагын тазалап, ага баруучу жолду оңдоп, таштандыларды чыгарды.

«Мусулмандар дин башкармалыгы дайыма көрүстөндүн аймагын карап жана аймакка таандык алуу боюнча документ тапшырганын билдирди», - деп айтылат элчиликтин маалыматында. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер