Коомчулуктун сынына кабылган Азенбек Козукеевдин алешем жүрүшү


Ошентип, өздүк курам ичи тынч эмес... Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеев Сосновка постунан пиар жасап, коомчулуктун сынына кабылды. Баарыбыз билгендей, ошондо кечкисин суук –10-15 градуска чейин төмөндөп аткан. Мындайда кызматкерлер 10 мүнөткө жылынып алуу үчүн будкада корголоп отурушса, ошол маалда Азенбек аңдып барганбы, айтор, Сосновка постунан аларды видеого тарттырып, уяткарып, өзү болсо ороңдоп, оңтойсуз жүрүш жасады. Ушул кантип болсун? Тескерисинче, кызматкерлердин абалын сурап, алар кандай шартта иштеп жатышканына көңүл буруп, андан соң гана талап койсо жарашмак. Тилекке каршы, Азенбек азанап эле тегиз баарын “кууругусу” келеби? Негизи өздүк курам ичи копшолуп, жаңы жетекчиге нааразычылыгын билдиришүүдө, бирок ачыкка чыгууга азырынча батына албай турушат. Убагы келгенде жапырт каршы чыгышабы?..











