Жездемдин майкасын жаздыгыма катып алып, жыттап жатам...
Бул сезимдер мени көптөн бери кыйнап келет... Түшүмдө жездеме эркелеп, жаңы кошулганы калганда ойгонуп кеттим. Аябай кыйналып, түн оокумга чейин уктабай жатканымчы... Эртеси эжемдикине бардым. Ичим эзилет, күйүп-жанам. Кечки тамакты ичкенден кийин бат эле караңгы кирип кетти. Мен кетүүгө камындым.
Ойлогон оюм оңунан чыкты. Жездем жеткизип коймой болду. Көптөн бери кылыктанып жүргөнүмдү байкады. Биз жолго чыктык. Сүйүү, жандүйнөгө теманы буруп, тамашалап келаттым. Дүүлүгө баштадым. Үйгө да жакындап калдык. “Сүйлөшүп отуралыбы?” дедим. Жездем жылмайып, башын ийкеди. Караңгы жерге токтодук. Мен дароо кучактап, өпкүлөй баштадым. “Эч ким билбесин” деп шыбыраганы жүрөктү элжиретти. Машинанын арткы орунтугуна өттүк. Чечингенче шаштым. Андан аркысын жазып жеткизе албайм. Ушунча ысык кошулдук. Өзүмдү таштап салдым...
Ошол күндү кайра самап, жездемди азгырып келем. Машинанын ичинен эзилишкенден кийин майкасын алып калгам, жаздыгыма жаздап алгам, жыттап моокум канбайт. Эмнегедир жездем тарткынчыктап, уялып, качып аткандай. Үч күн араң чыдайм, кайра көргүм келет. Сүйүп калдым... Эжеме билгизбей дагы канчага чейин жүрөм? Чын эле жинди болуп баратам...
Самара, 23 жашта