Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Борбор Азия менен Ыраакы Чыгыштагы окшоштуктар

Борбор Азия менен Ыраакы Чыгыштагы окшоштуктар

14-июнь, 23:01
742 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы гезиттин №21 санында)

Азыр дүйнө державаларын кызыктырган бир эле аймак калды. Бул аймак көп жылдан бери орус “эгемениясында” жүрүп, тилин, салтын, үрп-адаттарын унутуп бараткан элдердин катарын толуктайт. Мына ушул Орусиянын букаралыгына айланган Орто Азияга башка үлкөн мамлекеттер согуш отун тутантуу аракетинде. Өткөндө да жазганбыз, “акылсыз элдерди согуштуруудан өткөн оңой иш жок” деп. Аймактын коомчулугу канчалык билимсиз болсо, жаңжал, талаш, согуш дайыма босогодо турат. Өткөн кылымда орустун чапанына корголой калып, дүйнөлүк апааттан аман калган Орто Азия элдери жакынкы 20 жыл аралыгында ар кандай уюмдар жана диний секталардын коркунучунда калды. Колдоп, кубаттаган агасы айрым окуяларга көз жумду. Ошондон болсо керек Абу Бакр аль-Багдади сыяктуу куралдуу террористтердин көп аскерлери биздин мекендештер болуп калды. Ирак менен Сириядагы режимге баш көтөргөн куралчандардын катарын толуктап, согуш талаасындагы сыноодон өтүштү. Араб жазын улаган ИГИЛ террордук уюмуна киргендердин көпчүлүгү Фергана өрөөнүнөн барган куралчандар экендиги талашсыз. 

Баамдап жатсаңар керек, акыркы жылдары Фергана өрөөнүн быкшытып, улам эле түтөтүп жатышат. Баткен, Чоң-Алай – мунусу көрүнгөн жагы. Көрүнбөгөн жагы жарылууга даяр деп айтууга толук негиз бар. Анткени, саясый кырдаал буга далил жаратууда. Фергана өрөөнү боюнча дүйнө кожоюндарынын жакынкы 10 жылга пландаган саясаты өтө коркунучтуу саясат деп айтар элем. Мен муну эки багытта анализдейм. Биринчиси, учурда Сириянын Мунбич аралында ИГИЛ деген балээнин террористтери ооздукталып турат. Алар ал аймакты талкалап, чоң державалардын бизнесин өркүндөтүп беришти. Дары-дармек, курал-жарак соодасы жолго түштү. Бизнес куралчандарды сүйбөйт. Андыктан, ал аймактар тезинен бошолтулууга тийиш. Ал эми экинчиси, ИГИЛдеги түрк тилдүү террористтерди Борбор Азияга көчүрүү аракети. Бул план 10 жылдар өтсө да ишке ашуучу коркунуч. Мындай коркунуч мындан ары дайыма улана берет. 21-жүз жылдагы державалардын аймак бөлүштүрүү саясатында ордубуз кандай болот? Биз үчүн тагдыр чечүүчү ошол...


Манас Осмон 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер