Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дарыгерлер вирусту кантип жуктуруп алышууда?

Дарыгерлер вирусту кантип жуктуруп алышууда?

13-апрель, 15:10
1 156 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн дагы 16 медицина кызматкери коронавирус жуктурганы аныкталып, жалпы саны 79га жетти. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Медицина кызматкерлеринин жуктурганы өсүп жатканы байкалууда. Бул элди дагы кооптондуруп жатса керек. Ооругандарды тейлеп жаткан учурда бейтаптын жанында көпкө кармалып калса же эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда жугузуп алып жатканы маалым. Ар бир фактынын комиссия аркылуу тыкыр текшерип жатабыз. Мен кесиптештериме күнөө коё албайм. Мекенге, элге кызмат кылам деп жугузуп алышууда”, - деди Үсөнбаев.

Ошондой эле министрдин орун басары дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдө 22 миңден ашык медик коронавируска кабылганын айтты. Ал Италияны мисал келтирип, учурда 15 миңден ашык медицина кызматкери дарыланып жатканын билдирди.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер