Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “Автобекеттердин көчүрүлгөнү элге ыңгайсыздык жаратууда”

Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “Автобекеттердин көчүрүлгөнү элге ыңгайсыздык жаратууда”

28-январь, 21:17
1 007 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бактыбек мырза, кечээ күнү комитетте башкы калаадагы автобекеттер көчүрүлүп, бирок эч кандай шарт түзүлбөгөнүн айттыңыз. Кандай дейсиз, автобекеттерди көчүрүүнүн өзү туура чечим болдубу?

-- Автобекеттерди шаардын сыртына чыгарууга биз деле каршы эмеспиз, бирок биринчи шарттарды түзүп берип, элге ыңгайлуу кылып, анан чыгарса жакшы болмок. Азыр барсаң баткак, дааратканасы, ашканасы жок. Эл ушуга нааразы болууда. Региондо жашаган биздин жарандарыбыз бала-бакырасын багайын деп жазда өстүргөн продукциясын, мисалы, картошкасын, сабизин алып келет. Баардыгын шаардын четиндеги жаңы автобекетке таштап коюп атпайбы. Шаарга келиш үчүн алар дагы такси жалдаш керек. Бул дагы элдин чөнтөгүнө чыгым жаратууда. 

-- Сиз өзүңүз барып көрдүңүзбү?

-- Интернет булактарынан эле көрдүм. Бирок, ушунун баары ойлонулбай, иреттештирилбеген иш болуп атат. Ээн талаага алпарып эле көчүрүп койгон. Мага ушу маселе боюнча шайлоочулар бир нече жолу кайрылышты. Бишкек-Талас багытында каттаган таксисттер, маршрутка айдагандар элге оор болгондугуна байланыштуу кайрылып жатышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер