Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолдош Турдубаев, адабиятчы: “Бизде кадрларды даярдап өстүрүү системасы жок”

Жолдош Турдубаев, адабиятчы: “Бизде кадрларды даярдап өстүрүү системасы жок”

08-июль, 00:04
1 056 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 -- Өлкөдөгү өнүгүүнүн, реформалардын жылбай жатканы кадр саясатынын начардыгынанбы? Кызматтык милдетин так аткарбаган, коррупцияга айыпталган жетекчилерден качан тазаланабыз?

-- Бизде азыр кадрларды даярдап өстүрүү, татыктууларды тандап алуу системасы жок. Стратегиялык мааниси бар кызматтарга адамдар иштин көзүн билгендиги, орчундуу маселелерди чечүүгө жөндөмдүү экендиги үчүн эмес, көбүнчө чоңдорду колдоп сүйлөгөнү, мактап жүргөнү үчүн тандалып жаткандай. Кесипкөй кызматкерлер чынчылдыгы үчүн кетирилип, ордуна кошомат айткандан башка эчтекеге жарабаган "өз кишилер" дайындалып калган учурлар көп окшойт. Андайлар бир кызматта ишти жүргүзө албаса, олуттуу каталарга, эреже бузууларга жол берсе, жоопкерчиликке тартылбай, дагы башка орундарга которулуп кеткен учурлар да айтылып, жазылып жүрөт.

Бул жагдай сот бийлиги түп-тамырынан реформаланып, судьялар Конституциядан, мыйзамдардан башка эч кимге баш ийбеген шартта гана оңолушу мүмкүн.

Сингапурда башкаруу катаал болгонун сөз кылгандар көп, бирок кадр саясаты меритократияга негизделгенин эске алышпайт. Меритократия – кызматкерлердин ким экенине карабай, өзүнүн тармагында мыкты тажрыйбасы, уюштуруучулук жөндөмү бар кесипкөйлөрдү тандап алып көтөргөн система.

Өзүнүн баркын билген кадрлар көп ийиле бербейт, жетекчилер менен ишке байланыштуу талашуудан тартынбайт, көпчүлүк «укмуш, эң сонун» деп мактап жаткан чечимдин "бирок" жагын ачык айтат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер