Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КЭУну “минип алышкан” бир туугандар Төлөбек Камчыбеков менен Алмаз Кадыралиев

КЭУну “минип алышкан” бир туугандар Төлөбек Камчыбеков менен Алмаз Кадыралиев

04-октябрь, 14:24
1 676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2019-жылы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине (КЭУ) 36 жаштагы Кадыралиев Алмаз Токтобекович ректор шайланды (!) деген уу-дуу кеп тараган. “Таланттуу жаштарга орун берилип жаткан турбайбы” деп бул окуяны биз деле эл катары кабыл алганбыз. Анан калса, Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич бул окуу жайды 24 жыл армансыз эле жетектеди да. 

Тилекке каршы, Т.Камчыбеков бул мамлекеттик окуу жайды менчигиндей эле көрүп, монархтай болуп, өзүнүн иниси Токтобектин баласы Алмазга өткөрүп берип, өзүн болсо унверситеттин масштабындагы Ли Куан Ю элестетип, “ректордун кеңешчиси” деген кызматка дайындалып алыптыр. 2019-жылы Төлөбек Камчыбековдун “Камчыбеков” болуп турган кези. Ал кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Кантөрө Токтоматов Төлөбек Камчыбеков менен улуттук университеттин экономфагында бирге иштеп, шилекей алышкан достордон турбайбы (?) дешип, элдин баары Т.Камчыбековго жүгүнүп, кошомат кылып калышкан. Төкөң да андай учурду куру кетирбей, “колдон келип турганда” деп ректорлукту небересине “мурас” кылып өткөрүп берип жатпайбы... Ой-бой, бу тууганчылык деген ит оору качан калат, ыя?! Мыйзам менен жашайбызбы, же бөдөнөнү бөлө, таранчыны таяке кылып, тууган издеп, талаалап жүрө беребизби? 

 Мураскерликке өтө турган болсок, мынча болду Ж.Баласагын атындагы КУУну талкалап жаткан ректору Канат Садыковго, ОшМУну сабаты жакшы жоюлбаган ректору Кудайберди Кожобековго менчиктештирип берип салбайлыбы, ыя туугандар, кандай дейсиңер? Өзүбүздүн балдар эмеспи, анда, колдосо колдоп коёлу! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер