“Коомдогу баардык көйгөйлөрдү ызы-чуусуз, революциясыз чечели”


“Учурдагы оппозициянын алсыз болуп атканы, биригүү, уюштуруу жагы аксаганы байкалууда. Бул көрүнүштү кандайча чечмелесек болот?” деген суроо менен бийликтин оппоненттерине кайрылдык.

Кеңешбек Дүйшөбаев:
-- Сиздер айтып жаткан нерселер убактылуу факторлор. “Биз баарын бириктирип, уюштуруп, бир нерсе жасай коёлу” дегенден алыспыз. Биздин негизги максат – бүгүнкү болуп жаткан окуяларга туура баа берип, элдин, коомдун тынчын алган, толкунданткан көйгөйлөрүн, маселелерин көтөрүп, аларды чечүү боюнча конструктивдуу сунуштарды берүү. Бул багыттарда биздин кыймыл конкреттүү иштерди жасап жатат десем жаңылышпайм. Бүгүнкү күндө коомдогу баардык көйгөйлүү маселелерди ызы-чуусуз, революциясыз чечишибиз керек.

Клара Сооронкулова:
-- “Учурда оппозиция алсыз” дегенге таптакыр кошулбайм. Тескерисинче, баардык жагынан күчтөнүп атат. Биригүү деген мурункудай элди митингге алып чыгуу, курулай тополоң кылуу эмес, коомчулуктагы жагымсыз окуяларга конструктивдүү көз карашта, ырааттуу сунуштарды талдап, элибиз менен биргеликте талкуу кылып, аны бийликке жеткизүүнүн аракетин кылуудабыз. Ошол эле Башмыйзамдын кемчилиги тууралуу Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгуу алдында көп иштерге батыл кириштик. Негизинен оппозиция десе эле көчөдө кыйкырып чыккан адамдарды айтуу канчалык калыптанып калса да, биз андай көрүнүштөрдөн арылалы деп оппозициянын жаңы демократиялык моделин көргөзүү менен алекпиз.

Жусупжан Жээнбеков:
-- Акыркы жылдардагы оппозиция кыска ойлуулугун кайра-кайра көргөзүп, тастыкташты. Акүйдүн алдында “элим, жерим” деп айкырып, ошол эле маалда эси-дарттары Акүйдүн ичиндеги кабинет, кресло болду... Кай бири ач-айкырык салып, өздөрүн оппозиция көргөзө коюп, үч ай, алты ай бийликке жетишти. Эң башкысы, ушул аз убакыт ичинде эле мамлекетти колунан келишинче тоношту.
Мына ушундай кыска ойлуу, өз камын ойлогон жалган оппозиция сөрөйлөр эл ишенимин түп-тамыры менен жок кылды көрүнөт. Ошондуктан азыркы оппозицияга эч ким ишенбей калды, майданда кимдин үнү катуу чыкса эле ошону жетелеп барып креслого отургузмай...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











