Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленүүдө

Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленүүдө

09-май, 11:41
631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бүгүн Кыргызстанда Улуу Жеңиш күнү белгиленүүдө. Бардык аймактарда фашизмге каршы согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына карата эскерүү митингдери, майрамдык иш-чаралар өтүүдө.
Борбор калаа Бишкекте Жеңиш аянтында бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен митинг-реквием уюштурулат. “Өлбөс полк” жүрүшү “Түштүк дарбазадан” башталып, Жеңиш аянтында жыйынтыкталат. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу көп адам катышуучу иш-чараларга тыюу салынгандыктан соңку эки жылдан бери ал онлайн форматта өткөрүлүп келген.
9-май Жеңиш күнүн майрамдоо алдында милиция "Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик жаңжалга байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды, символдорду колдонууга жана тагынууга жол бербөө үчүн" профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп жатканын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер