Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян АСКАРБЕКОВ: “Элге шарт түзгөндөн кийин тарифти 15-20 сомго көтөрсөк болот”

Мавлян АСКАРБЕКОВ: “Элге шарт түзгөндөн кийин тарифти 15-20 сомго көтөрсөк болот”

12-февраль, 19:46
890 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурда коомдук активист болуп жүргөн Мавлян Аскарбеков азыр Биринчи Май районунун акиминин орун басарынын кызматын аркалап келет. Бишкек шаардык мэрияда жыйын өткөрүлүп, Мавлян мырза жол кире акысын кымбаттатууну демилгелеп чыкканы айтылууда. Биз ачык жоопту уккубуз келип суроо узаттык. 

-- Мавлян мырза, мэрияда өткөрүлгөн кезектеги жыйында жол кире акысын 15-20 сомго көтөрүүнү демилгелеп чыкканың айтылууда...

-- 2012-жылы мен митинг кылып тарифтин көтөрүлүшүнө каршы чыккам. Бүгүн мэрияда чоң жыйын болуп, Бишкек шаарынын транспорт маселесин чечүү каралды. Ошол жыйында мен “биз Бишкек шаарына 500дөй автобус алып келип, элдин көйгөйүн чечип беришибиз керек. Маршруттук унаалар жетпей турган жерге чейин автобус жете турган кылып чечишибиз керек. Элге шарт түзгөндөн кийин, ал өзүн актап туруш үчүн тарифтерди 15-20 сомго көтөрүүнү карасак болот. Эл дагы колдойт” деген өз пикиримди билдирдим. Бул демилге эмес, сунуш катарында айтылды. Биздин шаарыбыз 800дөн 1000ге чейин автобустарга муктаж. Элге кышында жылуу, жайында салкын, отуруп барып, отуруп келе турган, камерасы бар автобустар болсо, мындай жол кире акысына эл макул эле болот деген пикирдемин.

Жамиля Нурманбетова,

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер