Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Аскарбек Жаныбеков командасы менен элибизге коркунуч жаратууда

Министр Аскарбек Жаныбеков командасы менен элибизге коркунуч жаратууда

19-октябрь, 11:19
1 387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орусча, кыргызча сүйлөсө, журналисттерге маек курса тилинен чаң чыгып, баардыгы эле орундуу көрүнгөнү менен иши чаржайыт болуп, бечелдей бир ордунан алдыга жылбаган Аскарбек Жаныбеков деген министр бар. Сөзү менен иши төп келбегени ушул да, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу андан бетер кооптуу абалда. Министр болсо баалардын асманды чапчыганын дүйнөлүк кризиске шылтап коюп, камырабай жүрөт. 

Аныгында, айыл чарбасына миллиондогон акча бөлүнүп жатат. Аскарбек Жаныбеков жетектеген минстрликтин өкүлдөрү ошол миллиондогон каражат жумшалып жаткан долбоорлор боюнча парламентте отчет берип, “мамасы 2000 литр, папасы 11 миң литр жылына сүт берет” деп “ачылыш” жасашып, мындан нары Кыргызстанда букалар да сүт бере турганын расмий жарыя кылышты. Депутат Аалы Карашев болбосо бул “жаңылык” бүт дүйнөгө тарайт беле? Көрсө, министрликке тийешелүү ири мүйүздүү малды асылдандыруу боюнча долбоорду малдын эркек-ургачысы болорун билбеген кесиби агроном Төрөгул Беков жетектейт экен. Ал 8000 баш уйду жасалма уруктандырдык деп чоң жетишкендик катары жарыялап жатканы, тескерисинче, иш начар жүргөнүн далилдейт. Көрсө, мындай көлөмдө уруктандыруу бир чарбага эле жетет тура, ал эми жалпы өлкө үчүн бул бир тамчыдай эле экен. Аны түшүнбөгөн Төрөгул Беков шапкесин көккө ыргытып, чоң жетишкендик катары мактанып жатпайбы. Ал эми министрдин орун басары Азамат Мукашев болсо, өлкөдө канча асыл тукум мал өстүрүүчү чарба, канча үрөнчүлүк чарба бар экенин да билбейт, кабары да жок. Ал “2” алган окуучудай депутаттардын алдында оозун ачып отуруп берди. Министрликтин суу чарба департаментинин башчысы мелиориациядан түшүнүгү жок юрист, мугалим Нурлан Шерипов. Айыл чарба министрлигинде бир да компетенттүү адис жок окшойт, мал чарбасын агроном караса, суу чарбасын юрист эрмектесе, дыйканчылык тармагына бир энергетикти коюп коюшса жарашып эле калчудай. Ушундай “эшегине жараша тушагы” дегендей дилетант командасы менен Аскарбек Жаныбеков бүтүндөй өлкөнүн шоруна калбаса болду. Ачык коркунуч жаралууда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер