Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөдө жасалма интеллект өнүгүп атса, кыргыз билим берүүсү караңгылыкта калды

Дүйнөдө жасалма интеллект өнүгүп атса, кыргыз билим берүүсү караңгылыкта калды

21-октябрь, 14:24
1 120 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жасалма интеллект (ЖИ) адамзаттын келечектеги жашоо турмушунун негизги үстөмдүк кылуучу фактору болуп калды. Заманбап экономиканын өнүгүшү жасалма интеллект менен гана байланыштуу. Башка жол жок. Кайсы мамлекет мурда озунуп, ЖИти колдоно билсе, дал ошол XXI кылымдын эң кубаттуу державасына айланат! Биз ЖИтин тарыхы жана Кыргызстандагы абалы жөнүндө “Кыргыз Туусунун” үстүбүздөгү жылынын 27-августундагы №63 (24835) санында кеңири маалымат бергенбиз. ЖИ азыркы учурда келечекти көздөй эбегейсиз зор ылдамдык менен кетип бара жаткан кези. Биз, кыргыздар, адатыбызча артта сүйрөлүп калбасак экен!

Нобель комитетинин быйылкы, 2024-жылга карата ыйгарган дүйнөлүк рейтингдеги улуу даражалуу “Физика менен химия” илимдер жаатындагы сыйлыгы укмуш зор резонанстарды жаратууда. Дүйнөлүк калибрдеги окумуштуулар абдан активдүү эмоциялык маанайда талкууларга өтүштү. Мен өзүм кесипкөй физик катары ЖИ табигый илимдерге тез эле мындай феноменди жаратарын күткөн эмесмин. Сөз ЖИтин ошол физика менен химия илимдерине канчалык терең кирип алып, алардын эң негизги изилдөөчү куралы болуп калганында! Анда баяныбыз өз ирети менен болсун.

2024-жылдын физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары АКШынын Принстон университетинин профессору Джон Хопфилд менен британиялык жана канадалык физик, Торонто университетинин профессору Джеффри Хинтон тандалышты. Нобель комитетинин токтому “Жасалма нейрондук желелердин жардамы аркылуу машиналык изилдөөлөрдү колдонгон фундаменталдык ачылыштары жана ойлоп табуучулуктары үчүн” деп аталат. Мындай кадам менен шведдик комитет адамдардын ЖИтин фантастикалык келечегинен айбыгып, ошол эле жансыз роботтордун барымтасында калбайбызбы (?) деген чочулоосуна “чок салып” койгондой болду. Тактап алып, жалпак тил менен түшүндүрсөк, Джон Хопфилд маалыматтарды сактоо үчүн атайын структураны түзүүгө жетишти, б.а., ал ассоциативдик нейрондук желени ойлоп таап, сүрөттөлүштөрдү сактоо жана кайра калыбына келтирүү ыкмаларын жаратты. Ал эми профессор Джеффри Хинтон берилген маалыматтардын касиеттерин аныктай турган методду ойлоп тапты. Анын алкагында ошол эле сүрөттөлүштөрдөгү кээ бир өзгөчө элементтерди адашуусуз идентификациялоого болот. Бул эки окумуштуунун илимий ачылыштарынын натыйжасында, ири нейрондук желелердин дүркүрөп өнүгүүсүнө жол ачылды. Мен бул илимий ачылышты – физика, биология жана компьютердик технологиялар илимдеринин бириккен түйүнүнүн натыйжасы деп айтар элем! Мындай сыйлык Нобель комитетинин тарыхында биринчи жолу берилүүдө! 

Бүгүнкү күндө машина аркылуу окутуу системасы адам турмушунун көптөгөн аспекттеринде кеңири колдонула баштады. Мисалы, илим изилдөө, соода иштери, коопсуздук системалары, космос, медицина жана билим берүү тармактары, согуштук сфера, машина куруу, интеллектуалдык оюндар, ж.б. Келечекте Джон Хопфилд менен Джефри Хинтондун илимий жетишкендиктери нейрожелелерди машиналык жол менен окутуунун ультра жаңы технологияларын камсыз кылат. Бир колубузга бор, экинчисине чүпүрөк кармап алып, тактайчанын алдында тердеп-кургап лекция окуган заманыбыз алда качан артта калды. Алтурсун, колубуздагы компьютерлер менен смартфондор тарыхтын бир бүктөмүндө эле калганы турат! Ошондуктан, биз, кыргызстандыктар да заман темпинен артта калбай, ЖИтин эң алдыңкы жетишкендиктери менен куралдануубуз абзел. Окутуунун усулдугун түп-тамырынан бери кайра карап чыгууну колго алуубуз зарыл. Билим берүү жана илим министрлиги менен улуттук илимдер академиясы ушул багытта күндөп-түндөп авангарддык жумуштарды уюштуруунун ордуна, кайдагы бир өлкөлөрдүн псевдоусулдарын туурап, аларга көз каранды болуп, олчойгон кредиттерди жумшап, маанисиз жана мазмунсуз алаксытма жана арсар иштер менен алектенип жүрүшөт. Физика жана химия боюнча быйылкы Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын илимий ийгиликтери адам баласынын сапаттуу жашоого умтулган аракеттеринин башталгыч эрасы кадам салганы турат! 

Аталган эки физиктин айлана-тегерегинде бир жумадан бери ар кандай кызуу илимий талкуулоолор, айыгышкан курч илимий талаштар орун алууда. Анткени, нейрондук желелерди изилдөө, албетте, физикага таандык эмес. Кандай болгон күндө да, белгилүү илим меценаты, окумуштуу жана таланттуу ойлоп табуучу швециялык Альфред Нобелдин өлбөс-өчпөс осуятынын негизги талабы Нобель комитети аркылуу так эле аткарылууда. Анын ою боюнча сыйлык адам баласынын жашоосун жеңилдетип, акыл эмгегинин салымына чечүүчү ролду ойной турган илимий ачылыштар баалануусу керек эмес беле? Ошондой эле болду. 

Эки каарманыбыз ошол эле машиналык окутуунун негизин аныктоодо кадимки эле физикалык илимий инструменттерди колдонуп жатышат. Же башкача сөз менен айтсак, профессор Джон Хопфилд кванттык физиканын эң маанилүү феномени катары саналган, материалдардын касиеттерин азыркы илимий көз караш менен түшүндүрүүчү атомдун спинин колдонуп жатпайбы?! Анын концепциясында ар бир атом эң кичинекей магнит катары каралууда. Атактуу физик-нобелиат Нильс Бордун атомдук магнетонун эстейли. Ал эми Джефри Хинтон кадимки эле классикалык физиканын эң маанилүү феномени болгон “Больцмандын машинасын” жаңы нейрондук желелерге колдонду. Бул метод жалаң гана физикага мүнөздүү каралган статистикалык методдун өзү. Анын жардамы менен нейрондордун татаал табияты так ачылып отурат. 

Менин баамымда, эми мындан ары физикада жана химияда жасалма нейрондук желелер кеңири колдонулуп, келечегибизде керектүү касиеттерге ээ боло ала турган жаңы материалдар жасала баштайт. Кылымдар бою эңсеген, бөлмө температурасында иштей алган өтө өткөрүмдүүлүк кубулушу ишке ашат. Кванттык компьютерлер теорияда гана калбастан практикалык деңгээлде жасалат. Менимче, башкарылуучу термоядролук синтез феномени кайрадан жанданат. Нанотехнология, биотехнология, маалымат технологиясы, алтургай когнитивдик технологиянын өзү дүркүрөп өнүгөт. Айта берсек сөз өтө эле көп. Иши кылса, физика менен ЖИтин тандеми адам баласынын тарыхында дагы бир илимий-техникалык революцияны жаратканы калды. Аттиң, биз кыргыздар, күнүмдүк эле көроокатты ойлобой жогоркудай илим изилдөө иштерин системалык түрдө уюштурууга жетише алсак экен. 

ЖИ химияга да өз таасирин тийгизди! Анткени, быйыл, б.а., 2024-жылдын химия боюнча Нобель сыйлыгы “Белокторду эсептөө технологияларынын негизинде долбоорлоо” деген жалпы номинация менен үч биологго ыйгарылып отурат. Баамдасак, химия илими боюнча Нобель сыйлыгы кесипкөй биологдорго берилди. Бул феномен – табият таануу илимдеринин мурда болуп көрбөгөндөй биригишине эң сонун далил эмей эмне? Сыйлыкка берилүүчү акчанын тең жарымы америкалык биолог, АКШнын Сиэтл шаарындагы Вашингтон универстетинин профессору Дэвид Бейкерге тартууланды. Ал эми экинчиси ошол эле АКШга таандык, атактуу Google DeepMind фирмасынын башкы директору – Демис Хассабиске жана ушул эле ишкананын улук илимий кызматкери Джон Джамперге ыйгарылды. Аталган окумуштуулар кандай илимий ачылыштарды жасашты жана алардын иштеринин ЖИке кандай тийешелери бар? 

62 жаштагы профессор Дэвид Бейкер – кесиби боюнча биохимик жана эсептөө илимине ыктаган биолог. Ал белокторду изилдеп чыккан окумуштуулардын алдыңкы пионерлеринен. Биринчи болуп, компьютердик ыкма менен белоктордун 3 өлчөмдүү структурасын аныктаган. ЖИтин белоктордун структураларын аныктоого жол ачкан компьютердик программаларын иштеп чыккан. Илимий кызыкчылыктарынын сферасы да укмуш кенен. Ал геномдор илиминин профессору, биоинженерия, химиялык инженерия, компьютердик илим боюнча мыкты адис экен. Мен, мисалы, аны физик катары эле билип жүргөм. Анын кванттык физика боюнча бир-эки илимий макалаларын окуган жайым бар. Каарманыбыз абдан күчтүү менеджер-өндүрүшчү. Анын демилгеси жана илимий-техникалык сунуштары менен АКШда жана башка өлкөлөрдө ондогон биотехнологиялык компаниялар ачылган. Белоктордун дизайны боюнча бирден-бир эл аралык абройдогу окумуштуу. Гарвад университетинин бүтүрүүчүсү. Баш-аягы 600дөн ашуун илимий макалалардын автору. Ал белоктордун структуралары менен функцияларын долборлоо жана прогноздоо иштерине арналган эсептөө илимий изденүүлөрү менен гана чектелип тим болбостон, өзү абдан активдүү биохимиялык эксперименталдык топту да жетектейт. Анын группасы биринчи болуп Rozetta алгоритмин иштеп чыгышкан. Натыйжада, биомолекулярдык структураны аныктоого арналган компьютердик программаларды түзүүгө жетишишкен. Баарынан таңкалганым, профессор Бейкер дүйнөдө алгачкы ирет жаңы структурага ээ болгон жасалма белокту ойлоп тапкан. 

Англиялык нейробиолог, компьютердик оюндардын жаратуучусу жана өзгөчө белгилей турган нерсе, ЖИтин мыкты изилдөөчүсү Демис Хассабис быйыл жай айында 48 жашын белгиледи. Бул окумуштууга Нобель сыйлыгынын экинчи тең жарымы дагы бир таланттуу америкалык окумуштуу-инженер Джон Джампер менен биргеликте ыйгарылды. Джон болсо быйыл араң 39 жашка чыкты. Демис Хассабис шахмат вундеркинди. Ал 14 жашында дүйнөлүк өспүрүмдөр рейтингинде 5-орунду ээлген. 1994-жылы Кембридж университетинин Куинз-колледжинин информатика адистигин өзгөчө артыкчылык менен аяктаган. 2009-жылы Лондон универститеттиин алдындагы колледжде когнитивдик нейробиология боюнча доктордук диссертациясын (PhDкоргогон. Ал эми Джон Джампер өзүнүн кесиптештери менен биргеликте AlphaFold ЖИ моделин түзгөн. Бул модель белоктун аминокислоталык удаалаштыктагы структураларын абдан зор тактыкта алдын ала көрсөтүп берүүгө жол ачты. Джон Чикаго университетинин бүтүрүүчүсү. Андан ары ал Кембридж университетинде заманбап теоретикалык физика курсун өздөштүрүп, катуу заттар физикасы боюнча адис болуп чыккан. 

Жер шарындагы тирүүчүлүк белоктун таасири менен байланышканы белгилүү. Анын көп түрдүү касиеттери химиялык инструменттердин ролун ийгиликтүү аткарып келет. Белок баардык химиялык реакцияларды контролдоп жана башкарып турат. Демек, булар биригип келишип эле өмүрдүн негизин түзүшөт. Белоктор жандуу ткандардын курулуш элементтеринин, гормондорунун, сигналдык заттарынын, антителолорунун ролдорун аткарышат. Белоктор, демейде ар түрдүү 20 аминокислоталардан турат. 2003-жылы Дэвид Бейкер мурдагы эч бир белокторго окшобогон уникалдуу касиетке ээ жаңы белокту ойлоп тапкан. Ошондон бери окумуштуу өзүнүн илимий тобу менен биргеликте жаңы белоктордун кошулмаларын табышканы белгилүү. Аларды фармацевтикалык препараттар, вакциналар, наноматериалдар жана эң майда датчиктер катары ийгиликтүү колдонуп келишкен. 

2018-жылы Хассабис менен Джампер AlphaFold аттуу машиналык окутуунун жаңы алгоритмин түзө алышты. Ал эми 2020-жылы ошол эле алгоритмдин экинчи версиясын сунуш кылышкан. Анын жардамы менен эки окумуштуу дүйнөдө белгилүү болгон 200 миллион белоктун структураларын алдын ала толугу менен так идентификациялап беришкен. Азыр 190 өлкөнүн эки миллиондон ашык адамдары ошол AlphaFold-2 алгоритмдик версиясын колдонууга үлгүрүштү. Ушул эле жылдын жазында каармандарыбызга таандык Google DeepMind фирмасынын ресурстарына таянышып, AlphaFold-3 версиясын түзүштү. ЖИтин акыркы моделдери көптөгөн теориялык жана практикалык маселелерди чечүүгө ийгиликтүү киришүүдө. Мисалы, антибиотиктерге туруктуулукту камсыз кылуучу абалдар, молекулярдык структураларды реконструкция кылуучу дары-дармектер, түрдүү ферменттер, ж.б.

Бүгүн дүйнөдө физика, химия, биология, ж.б. табигый илимдер мурда болуп көрбөгөндөй тез ылдамдыкта, эффектүүлүк менен өнүгүп, адамзатка эбегейсиз зор жагымдуу таасирин тийгизип келет. Бирок, тилекке каршы, бизде, Кыргызстанда, тескерисинче, жогорудагы аталган илимдерди мектептен ЖОЖдорго чейин кескин кыскартып салышып, кайдагы эле болбогон псевдодолбоорлорду сунушташып, коомчулуктун башын айландырышып, кыжырларын келтирип жүрүшөт. Мындай антипрогресстик билим берүү системасын жана илимди уюштурууда араңжан иштемиш болумуштардын түпкү максаттары эмнеде? Эмне үчүн биздин табиятынан тубаса таланттуу кыргызстандык жаштарыбызды замандын эң алдыңкы илимдери болгон жаңы инновациялардан куржалак калтырып коё турган аракеттерди кээ бир ири чиновниктер коомчулукка көшөкөрлөнүп таңуулап келишет? Кайдагы бир аморфтук түшүнүктөрдү өзүнө камтыган, аракети боюнча диверсиялык, ал эми табияты боюнча мектеп жашындагы балдарга зыянкеч “STEM” (адистер аны “пести эм” деп атап алышыптыр) сыяктуу псевдодолбоорлорду зордуктап киргизип жатышат? Кыргыз эли бир учурдагы эң алдыңкы илимий деңгээлден эмнеликтен жана кандай зарылчылыктан улам түрдүү диний жана экстремисттик караңгылыкка сүңгүп кирип баратат? Айтор, суроолор жоопторго караганда өтө арбын. Биз караңгыда кайсактап ары-бери сүйрөлүп жүрсөк, дүйнөнүн прогрессивдүү коому табигый илимдерди мурда болуп көрбөгөндөй бийиктикке чыгарып салышты! Үмүтсүз түрдө артта калып бара жаткан абалыбызды сезип туруп, аттиң гана дейм. 


Каныбек Осмоналиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор 

13.10.2024-жыл  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер