Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргыз аң-сезими деградацияга кабылып, маңкурттук күч алып турганда, кайдагы позитив?..”

“Кыргыз аң-сезими деградацияга кабылып, маңкурттук күч алып турганда, кайдагы позитив?..”

03-март, 19:28
831 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргыз коомчулугунда позитивдүү, пайдалуу маалыматтарга караганда, кылмыш, кырсык окуялары талкууга айланып атканы эмнени билдирет?

Бүайша Арстанбекова, акын:

-- Коомдук мүнөздөгү нукура кыргыз аң-сезими деградацияга кабылып, маңкурттук күч алып турганда, кайдагы позитив болмок эле? Кыргыз өзүнүн ким экенин таанып-билип, коомго пайдалуу маалыматтарды талдап баштаса, жандүйнөсү арууланат! Жагымдуу сөздөрдү угуп, баарлашкан сайын ырахат алат. Ал эми жат маалыматтар адамдын жандүйнөсүн карайтып, жагымсыз окуяга жетелейт. Ошондуктан кыргыз "жаман сөздөн, жаман көздөн сактасын" деп бата тилейт. Адамдар канчалык кырсык, кылмыш жана башка терс көрүнүштөрдү талкуулап, таратканда, коомчулукка, айрыкча жаштарга туура эмес таасирин тийгизет. Натыйжада, агрессия, кылмыштуулук өнүгүп-өсүп, кыргыздын нарктуу келечеги туңгуюкка кептелип, эркин элдин келечегине кесирин тийгизет. Бийиктик улуттун өнүгүү жолуна байланыштуу, ал эми жоюлуп, жоголуу төмөн карай жол тартат. Төмөнкү деңгээлде бүтүндөй кырсык, жамандык, кылмыш, агрессия жана башкалар турат. Ата-бабаларыбыз жамандыкты көрүп же укса, "өлчөөсү өзүнө болсун" деп айткан сыйкырдуу айтым сөздөрү менен жакшы жаңылыктар болсун демекчимин.

Эмил Үмөталиев, укук коргоочу:

-- Бир четинен баардык эле жерде ушундай. Total контроль болбосо, Түндүк Корея башка жердин кырсыгын апыртып, өзүнүкүн жашырат. Ачык жерлерде кырсык жөнүндө жаңылык элдин көңүлүн бурат. Мындай учурда майрам, маданият маалыматтар азыраак окулат. Адамдар алгач темасын карашып, анан жаңылыктын мазмунуна маани беришет. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер