Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туманбаевдин көп кылыктарына Ташиев убагында көз салып койсо...

Туманбаевдин көп кылыктарына Ташиев убагында көз салып койсо...

12-сентябрь, 19:30
277 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жогорку Кеңештин ашканасына ремонт жасалыптыр. Аны президенттин иш башкармасынын жетекчиси Каныбек Туманбаев өз чөнтөгүнөн чыгымын көтөргөнсүп, пиар кылганын бүтө албай шерденди. Карамагындагы жалдап алган жазмакер, блогерлерге мактатып, асмандап алганын койбоду. Биздин баамыбызда, бул иш Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттин акчасына бүткөрүлдү. Туурабы? Анда эмнеге Туманбаев баарын “тумандатып”, жеке жетишкендиги катары төш кагып атат? Бекеринен парламенттеги жаш депутаттар “алдаркөсөлүк” жайын айтышпайт экен да. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дегендей, саясаттан түшүнүгү барлар анын ким экенин жаземдебей билишет. Көз жазгырып кеткен алдамчылыгын кантип жашырат? А баса, буга чейинки элдин салыгынан, мамлекеттин эсебинен бүткөн курулуштарды, же оңдоо-түзөөдөн өткөн имараттарды Туманбаев өзүнүн ийгилиги, жетишкендиги катары сыпаттап келгенине эмне дейсиңер? Ушунчалык да эдиреңдейби? “Өлкөдөгү таасирдүү үчүнчү фигура, азырынча Ташиевден кийин эле турат. Келечекте президент болот!” деп жандоочтору төш кагышат. Түшүнгөн кишиги балээнин баары ушундан башталат да. Мунун былыктары президентке байкалбай, этибар албай атса, анда Камчыбек Ташиев саресеп салып коюшу керек экен. Көп “кылыктары”, каржылык чатактары калкып чыкпайбы?.. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер