Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Качан күйөөгө тийесиң?” деген суроону угуудан корком

“Качан күйөөгө тийесиң?” деген суроону угуудан корком

16-октябрь, 21:19
769 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыр мага абдан оор… Жакында отуз жашка чыгам. «Качан турмушка чыгасың?» деп эле сурай беришет. Бул суроону күн сайын уга берип тажадым. Убакыт дегенибиз көз ачып-жумганча өтүп кетиптир, ал эми мен болсо алиге чейин өзүмө ылайык жан таба элекмин. Жолуккан жигиттер болгон, бирок «бул менин адамым эмес» деп дароо сезчүмүн. Ошондо эле алыстайм, анткени менин түшүнүгүмдө сүйүү оюн эмес, ал ыйык нерсе. Мен эч качан жөн эле сүйүшүү үчүн сүйлөшкүм келген жок. “Эгер кимдир бирөө менен мамиле баштасам, анда ал адам менин өмүрлүк жарым болушу керек” деп ишенчүмүн. Ушул ишеним менен өзүмдү сактап келдим.

Жараткан мага түшүнүктүү, ыймандуу, билимдүү, ишенимдүү жар жолуктурушун каалайм. Кээде жигиттер чакырышып, белек беришет, көңүл бурушат, бирок мен баш тартам. Эгер келечекти көрбөсөм, жөн гана убакыт коротуп, бирөөнү да, өзүмдү да алдагым келбейт.

Намаз окуйм, бирок азырынча жоолук салынган эмесмин. Балким, ошондон улам эркек адамдар көп чогулган жерге барганда өзүмдү ыңгайсыз сезем. Студент кезде жашоом үй--окуу деп өтсө, азыр үй–жумуш менен гана чектелип калды.

Туугандардын үйүнө да сейрек барам. Кайра эле ошол “качан күйөөгө тийесиң?” деген суроону угуудан корком. Бирок мен билем, Жараткан ар кимге өз убагында насибин берет. Демек, менин да убактым келет.


Айданек  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер