Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек Маматаев: “Демократтардан эч качан коркпош керек, алар бийликти басып албайт”

Улукбек Маматаев: “Демократтардан эч качан коркпош керек, алар бийликти басып албайт”

04-июнь, 00:20
494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улукбек мырза, “Бириккен демократиялык кыймылдын” бүгүнкү күндө коомдо кылып аткан иш-аракеттери тууралуу уксак дедик эле?

-- Биздин “Бириккен демократиялык кыймылыбыз” Кыргызстанда болуп аткан ар бир саясый окуяларга өзүбүздүн принципиалдуу көз карашыбызды, позицияларыбызды билдирип, “тегерек үстөлдөрдү” өткөзүп атабыз. Бийликтин туура жасап жаткан иштерин “туура” деп, ал эми туура эмес жасаган иштерине реакция берүүдөбүз. Учурда Кыргызстандын ар бир облусунан, региондордон адамдар чалып, байланышка чыгып, “сиздердин кыймылга мүчө болуп кирет элек” дегендердин саны күндөн-күнгө көбөйүп атат. Биз алар менен ар дайым тыгыз байланыштабыз. Мындан сырткары, Конституцияны өзгөртүү боюнча өзүбүздүн сунуштарыбызды тийешелүү жерге бердик. Бул боюнча да “тегерек үстөл” өткөзгөнбүз. Чынын айтсак, Кыргызстандагы саясый акыбал мынчалык туңгуюкка такалган учур болгон эмес. Салыштырмалуу, башка президенттердин тушунда кандайдыр бир жолдор, сүйлөшүүлөр менен чыгып жүргөнбүз. Өзгөчө бүгүнкү бийлик бир учурда эки үстөлгө отурууну көздөп, каатчылык акыбалга келип отурат. Биз алар боюнча да жигердүү иштеп атабыз. 

-- Оппозициялык маанайда иш жүргүзүп жатканыңар бийликке жакпай аткан жокпу, кысым болбодубу дегеним?..

-- Жеке мен оппозицияда жүргөнүмө эле 10 жылдан ашты. Көнүп калганбыз. Учурда бири-бирибизден корко турган эч нерсе жок. Биздин оппозициялык маанайдагылардын ашып-ташып аткан байлыктары, ууру-кескилери жок ушундай бир топ түзүлдү. Андай таза топту коркутуш кыйын. Бийлик коркутуп-үркүтүү менен эч кандай жыйынтык чыкпасын билсе керек. Мындан сырткары, биз өзүбүздүн ар бир жыйыныбызда адекваттуу, реалдуу, кризистен чыга турган программаларды жазып, иштеп атабыз. Мамлекетте төңкөрүш кылуу, же антиконституциялык жолдорго баруу оюбузда жок. Чындап келсе, демократтардан эч качан коркпош керек, алар бийликти басып албайт, мыйзамсыз иштерге барбайт. Эң оболу “шайлоого даярдык көрүп, Кыргызстандын тарыхында алдыга озуп чыксак” деген максаттарга бел байладык. Биз кечээ оппозицияда болуп, бүгүн бийликке келгенде оппозицияны басмырлап, баскан жолун унутуп калгандардан эмеспиз. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер