Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди МОМБЕКОВ, ЖК депутаты: “Паспорт жасоону мамлекет өз колуна алмайынча афералар улана берет”

Рыскелди МОМБЕКОВ, ЖК депутаты: “Паспорт жасоону мамлекет өз колуна алмайынча афералар улана берет”

06-декабрь, 13:12
467 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рыскелди мырза, “Кыргызпочтасынын” айланасындагы ызы-чуу боюнча эмне айта аласыз?

-- Бир кишинин кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй бир мамлекеттик органды жок кылуу саясаты жүрүп жатат. “Кыргызпочтасы” килейген чоң ишкана, ар бир пенсионерге пенсиясын жеткиргендиги үчүн коэффициент акча алат. Булар болсо ошону төмөндөтүп жатышат. “Кыргызпочтасындагылар” “коэффициент бүгүнкү күндө деле өзүн-өзү актабайт, эгер минтип отурса баарыбыз жумуштан кетишибиз керек болот” дешүүдө. Мунун артында тургандар “Кыргызпочтасын” атайылап банкрот кылып, акционердик коомго, андан соң жеке менчик банкка айлантканы жатышат. Былтыр булар биздин уруксатыбызды албай туруп, өкмөттүн токтому менен эле акционердик коомго өтүп кетишкен. Мен бул маселени байкап калып, комитетте ызы-чуу салып кайра алып калгам. Эми кайра ошого алып баратышат. Коопсуз шаар боюнча токтомдорду да “Кыргызпочтасы” жеткирет эмеспи. 22 сомдон алат, бул деген эки пайыз. Кагууну жеген ошол почтальондор. Анан алардын акысын дагы азайтканы бул -- мамлекеттик саясат эмес. 

-- Мамлекеттик эмес саясат болсо, анын максаты эмне?

-- Себеби, “Кыргызпочтасына” кызыккан, аны сатып алууну каалаган адамдар көп. Анын ар бир айылда филиалдары бар. Аны банк кылып коё турган болсо, Кыргызстандагы эң чоң банк болот. Кредит да берет, көрсөткөн кызматы үчүн акы дагы алат. Азыр “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы келатпайбы, ошонун алдында сунуш киргизип аткандарында чоң мандем бар. Анткени, ар бир айылда айып пулду төлөй башташат. Алар кантип төлөйт? “Кыргызпочтасы” аркылуу. Алар аркылуу төлөгөндө акча мамлекетке кетет. А эгер жеке менчик банк болсо, ал жеке адамга кетет. 

-- Сиз бир нече жолу паспортторду жасоо, алардын сапаты боюнча маселе көтөрдүңүз эле. Азыр бул маселеде кандайдыр бир жылыш байкалабы?

-- Канчалык актанышпасын, Кыргызстандын паспортун баардык жерде жасаса болот. «КБА НотаСис С.А.» деген швейцариялык компания бар, дүйнө жүзүндөгү токсон пайыз мамлекеттер ушунун заманбап техникаларынан пайдаланып, өздөрүнүн паспортторун, купюраларын чыгарышат. Ал фирманын өкүлдөрү президентке да, премьерге да кирген, бирок, рынокко кире албай жүрүшөт. Биздин паспорт да, улуттук валюта дагы Кенияда жасалат. Бүгүн мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү айтты, 170 миң паспорт жоголуп кеткен дейт. 170 миң паспорт деген... ар бирин валюта менен эсептегенде канча миң доллар акча Кыргызстандан чыгып кетти? Бизде 200гө жакын менчик басмаканалар бар. Ошолордун баары мамлекеттик органдардын заказдарын аткарат. Ошол эле учурда мамлекеттик басмакана жок. КМШ өлкөлөрүндө бир гана Кыргызстанда өзүнүн банкноттук фабрикасы жок. Өзүнүн паспорту менен акчасын жасатыш үчүн тендерге берет. Ал эми тендерде болсо акчанын теңинен көбү чөнтөктөргө кетип калат. Андыктан, бул ишти мамлекет өз колуна алмайынча афералар улана берет. 

-- Айдоочулук күбөлүктөр деле ошо да?

-- Айдоочулук күбөлүктү биз 2011-жылдан 2018-жылга чейин “Атлас Крип” деген бир компанияга бердик. Анын баасы доллар да эмес, евро менен аныкталган, 11 евро деп. Ошондо ар бир айдоочулук күбөлүк 1300 сомдон сатылды. Паспорт 100 сом. Айдоочулук күбөлүк 1200 сом. Ортосундагы айырма 1100 сом. Ал эми айдоочулук күбөлүктүн коргоочу элементтери паспорттукуна караганда 10 эсе аз. Дээрлик жок. Бирок, баасы боюнча кымбат. Ошонун эсебинен компания жети жылдын ичинде 25 млн. евро киреше таап кетти. Ушул кирешени мамлекет өзү тапса болбойт беле?


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер