Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кумтөрдү тескейби? Умбет Кыдыралиев аттан түшсө да ээрден ообойт...

Кумтөрдү тескейби? Умбет Кыдыралиев аттан түшсө да ээрден ообойт...

19-декабрь, 09:00
297 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Олигарх Умбет Кыдыралиев “Кыргызалтындын” жетекчилигинен интригага аралашып, Теңгиз Бөлтүрүк менен келише албай кеткенин укканбыз. Бир топ убакыт бизнестерин тескеп, Бишкек шаарындагы 100 квартирасынан түшкөн акчаларды эсептегиче эле кайрадан ийгилик жылмайыптыр. Кумтөргө директорлор кеңешинен орун алып, учурда көңүлү токпейил жүрөт. Президенттин командасында футбол ойноп... Айлыгы 20 миң долларды чапчый турганы кабарланды. Бир эсе Умбет мырзага баа бериш керек. Аскар Акаев доорунан бери мамлекеттик кызматты, бизнести да бирдей алып келатат. Орто жерден мандатты да минди. Аттан түшсө дагы ээрден ообойт. Кайсы бийлик болбосун, таасирдүү фигуралар менен алакалаш болуп, мамиле кылганды кыйла өздөштүргөн. Байланыштары күчтүү. Айлакер, тың киши. Жаш кезинде бокс боюнча спорттун чебери болуп, мушташып да жүргөн жайы бар. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер