Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Высоцкий жашоосун түп-тамырынан өзгөрткүсү келген, бирок үлгүргөн эмес

Высоцкий жашоосун түп-тамырынан өзгөрткүсү келген, бирок үлгүргөн эмес

12-август, 17:04
738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акын, актёр, ырчы, обончу, баардыгы... Ал каза болгондон берки 45 жылдын ичинде анын аткарган ар бир ролу, ырларындагы ар бир сөзү, өмүрүнүн ар бир күнү дыкат изилденип келди. Туугандары, сүйүктүү аялдары, балдары, достору жана кесиптештери – баардыгы өз ойлорун айтышты. Атүгүл анын ишинин профессионал изилдөөчүлөрү – высоцкийчилер пайда болду. Анын өмүр баянында дээрлик эч кандай “ак тактар” калган эмес сыяктуу. Ошентсе да биз элдин кумиринин өмүрүнүн акыркы жылына ишенимдүү булактардын негизинде дагы бир жолу саресеп салууну чечтик.


Болбой калган дебют

1980-жыл Высоцкий үчүн жакшы башталат. Ал Александр Козачинскийдин повести боюнча "Жашыл фургон" аттуу окуялуу тасманы өзү тартып, башкы ролго да өзү тартылмакчы болот. Одесса киностудиясынан сценарист Игорь Шевцов Высоцкийден болочок тасмага бир нече ыр жазып берүүнү суранат. Эмне үчүн ыр эле? Бул тасманы өзүм тартмакмын. Режиссёр катары. Мен Козачинскийдин окуясын билем деп жооп берет Высоцкий. Ал режиссёр катары дебют жасоону гана эмес, сценарийге авторлош болууну, башкы ролдордун бирин – “Красавчик” каймана аты бар уурунун ролун ойноону сунуштайт. 

Тасма үчүн Высоцкий труппанын башкы актёру болгонуна карабастан Таганка театрынын башкы режиссёру Юрий Любимовдон бир жылга чыгармачылык отпуска суранат. Ал эми Любимов ураксат берет (болгону Высоцкий башкы ролду ойногон «Гамлет» спектаклине келүүсүн суранат). Кийинчерээк сценарист Игорь Шевцов минтип эскергени бар: "Биз "Фургондун" сценарийин минтип жаздык. Володя драмалык кыймылдарды ойлоп тапчу. Анан ал эс алганы жатканда, мен жазылгандарды оңдоп-түздөчүмүн...". Баса, Шевцов Высоцкий каза болгондон кийин анын уникалдуу видеоархивдерин чогултуп, алардын биргелешкен иштери тууралуу эскерүүлөрдү биринчилерден жазгандардын бири эле.

Высоцкий өзү кино тартууга уруксат берилерине шектенгендигине карабастан, киностудиянын көркөм совети аны режиссёрлукка бекитти. Болгону, сценарийди бир аз кайра карап чыгууну суранышат. Тасма сентябрь айына пландалат. Ал эми июль айында Высоцкий каза болду... Ошентип, режиссердук дебют жаралбай калды. Красавчиктин ролун Владимир Семёновичтин ордуна Александр Соловьев аткармакчы болот. Бир топ убакыт өткөндөн кийин Александр Павловскийди режиссёр кылып дайындашат, бирок ал “Фургонду” тарткысы келбейт. Анткени, ал “тасманы кандай тартпайын, баары бир Высоцкийдей тарта албайм” дейт...


Чарчаптыр, бирок феноменалдуу ойноду

Акыркы жолу Высоцкий өлүмүнөн бир жума мурун Таганка театрынын сахнасына чыккан. 18-июль болчу. Ал Юрий Любимовго убада кылгандай, Гамлетти ойногон. Бул спектаклди көргөндөр кийин анын эң мыкты «Гамлети» болгонун эскеришет. Бирок, алар дагы бир нерсени: Высоцкий өзүн абдан жаман сезгени байкалып турганын айтышат. Поляк актёру Даниэль Ольбрычский (ал 1980-жылы май айында Варшавада "Гамлет" спектаклинде болгон): "Мен абдан чарчаган адамды көрдүм, бирок ал укмуштуудай, эч жасалмалуулугу жок ойноду" дейт.

Анан сахнанын артына барганда ага укол сайышат. Досторунун эскерүүлөрү боюнча Владимир Семенович бир нече жылдан бери өзүнө наркотикалык заттарды сайып жүргөн, бул ага баш оорудан” арылууга жана алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн тез айыгууга жардам берген. Баңгизаттарга көз карандылык тез өнүгүп, доза улам көбөйөт. Күнүнө бир эмес, бир нече ампула керектей баштады. Высоцкий аларды кайдан алган? Анын досторунун, күйөрмандардын арасынан дары-дармектерге жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар дарыгерлер болгон. Ошолор «жардам беришчү».


Ксюхага өзгөчө боорум ооруйт

Өлөрүнө эки ай калганда Высоцкий жубайы Марина Владиге жолугуу үчүн Парижге барган. Марина жубайынын дайыма морфин сайып жүргөнүн билчү. Ал ырчыны спирт ичимдиктеринен жана наркоманиядан дарылаган “Шератон” клиникасына жаткырат. Бирок, Высоцкий бул акыркы мүмкүнчүлүктөн пайдалана алган жок. Дарылоосун бүтпөстөн эле чыгып, Москвага кайтып келет (Таганка “Гамлет” спектакли менен Варшавага гастролго бара жаткан, Высоцкий сөзсүз барышы керек болчу).

Гастролдон кийин Париждеги жубайына кайтып барат. Анан алар Франциянын түштүгүнө саякаттап жөнөшөт. Высоцкий менен өткөргөн акыркы күндөрүн эскерип, Марина Влади минтип жазат: «Жымжырттык, муздак, бакчага катылган бөтөлкөлөр, эч кимди тынчытпаган тынчтандыруучу таблеткалар...”. Высоцкий Францияда 11-июнга чейин жүрүп, кетер алдында Маринага жазылган ырын окуп берет. Бирок, сыртынан романтикалуу көрүнгөнү менен бул учурда алардын мамилеси жакшы болбой калган. Алкоголдук ичимдиктин жана баңгизаттын айынан гана эмес...

Высоцкийдин өмүрүнүн акыркы жылдарында анын "жакын чөйрөсүнө" Москвадагы текстиль институтунун студенти Оксана Афанасьева кирген (ал кийинчерээк Леонид Ярмолникке турмушка чыгат). Театралдык продюсер Валерий Янкловичтин (ошол кездеги Таганка театрынын администратору) айтымында, Оксана «Володяга жаштыктын энергиясын берген, аны ичтен жылыткан». Досу, сценарист Эдуард Волдарский Высоцкий ага: «Эгерде мага бир нерсе болуп, мен өлүп калсам, мен баарынан көбүрөөк Ксюхага боорум ооруйт. Анткени, мен анын атасы да, сүйгөнү да, кам көрүүчүсүмүн да деп айтканын эскерет...


Батыш ЖМКлары некрологдорду жазышкан 

21-июлда Высоцкий Кылмыш жана жаза спектаклинде Свидригайловду ойношу керек эле. Театрга келип, бирок сахнага чыга албайт. Анын ордуна актёр Михаил Лебедев чыгат. Ошондо театрдагылардын көбү Владимир Семеновичтин өңү адаттан тыш кубарып турганын байкашат. Эмне болду?” деп сурашса, ал “мен жакында өлөм деп жооп берет.

Досу Вадим Туманов аны Коми АССРинде «Печора» алтын казуучу кооператив иштеп жаткан жерде күтүп жаткан. Бирок, Высоцкий учакка кечигип калганын айтып, Тумановго барган эмес. 23-июлда Высоцкийдин Малая Грузинскаядагы квартирасында анын дарыгер достору: акыркы айларда дайыма бирге болгон реаниматолог Анатолий Федотов жана Высоцкийдин көйгөйүн билген СКЛИФтин эки дарыгеринин катышуусунда медициналык консультация өткөрүшөт. Алар 25-июль күнү ооруканага жаткырууну чечишет. Бирок, үлгүрүшпөйт... Высоцкий 25-июль күнү таңга жуук жан берет. Ал каза болгон учурда жанында Оксана Афанасьева жана реаниматолог Анатолий Федотов болгон. Федотов өлүмдүн себеби катары миокард инфарктты атаган. Башка версия боюнча, Высоцкий "тынчтандыруучу каражаттарды ашыкча колдонуудан" келип чыккан асфиксиядан каза тапкан. Москва шаардык кеңешинде чоң байланыштары бар ырчы Иосиф Кобзон Владимир Высоцкийдин сөөгүн Ваганковское көрүстөнүнө коюуга жетишкен (Высоцкийдин наамы болгон эмес, өлгөндөн кийин гана ага РСФСРдин эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган). Ошол эле Кобзондун жардамы менен акындын өлүмү тууралуу «Вечёрка» жана «Советская культура» гезиттерине анча-мынча кабарлар жарыяланган. Бирок, Батыштын маалымат каражаттарында акындын жаркын элесине арналган некрологдор, репортаждар, очерктер жарык көргөн. Франс-пресс агенттиги «популярдуу советтик актёр жана ырчы, француз актрисасы Марина Владинин күйөөсү Владимир Высоцкий каза тапты» деп кабарласа, Англиянын «Морнинг стар» басылмасы «орустар үчүн Высоцкий Батыш үчүн Боб Диландай бар эле» деп жазган.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер