Муңдуу тирүүлүк
Кар себелеп жаап жатат. Айланаңда кар деңизи. Болуп көрбөгөндөй аппак кар. Жумшак кар. Кар жаайбы, жамгыр төгөбү, бороон-чапкын болуп шамал жүрөбү, жашоо өзү токтоп калбайт экен. Кыйма-чийме автоунаалардын терезесин кар уруп, айнек тазалагычтарын шакылдатып иштетип алышкан. Дүйнө, жашоо, тирүүлүк – бир карасаң жөн гана тартып койгон пейзаждай көрүнөт. Канча бир жылдар бою сакталып тура берчү кышкы пейзаждай көрүнөт. А бирок жашоонун, муңдуу тирүүлүктүн эмне деген азап тозоктору бар?! Ушул өтүп жаткан ар бир адамдын жандүйнөсүндө буюккан бир дүйнө жатат. Бир тагдыр жатат. Ошол тагдырды, буюккан дүйнөнү көтөрүп адамдар өтүп жатат. А аппак кар себелеп жатат...
Себелеп жаткан миллиондогон кар бүртүктөрү бир заматта айлананы аппак дүйнөгө айлантып салды. Тоо, токой, жолдор баары аппак. Жаңы төрөлгөн наристе сымал аалам да, жер да аппак дүйнөгө айланып турду. Бир саамга дүйнө мемирей түштү. Баары токтоп, тунуп калгансыды. Аппак кар жана жымжырттык. Дал ушу ак дүйнөдөй адамдардын жандүйнөсү, жүрөгү да таптаза болсо кана! Анда бул дүйнө бейишке айланып кетмектир.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити