Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Сооронбаев: “Эмнеге тагдырым оор, Кудайга жакпай калдымбы?” деп баш мыкчыган күндөр...”

Замир Сооронбаев: “Эмнеге тагдырым оор, Кудайга жакпай калдымбы?” деп баш мыкчыган күндөр...”

17-август, 12:00
556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР эл артисти Замир Сооронбаев байкеге барып, акыбалын сурап, чыгармачылыктагы жаңылыктарын угуп келдим. Эске сала кетсек, 2015-жылы инсульт илдетине кабылып, ары барып кайра келген. Акыл-эси ордунда болгону менен эки буту баспай калган. Арадан 8 жыл кантип өтүп кеткени бизге билинбеген менен Замикеме кыйын эле болду. Эмне деген гана кыйчалыш күндөрдү башынан өткөрбөдү? Бу жолку барганыбызда өңү жакшы. Маанайы да түзүк. Духу көтөрүңкү! Анүстүнө жакында эле киного тартылганын кулак сыртынан угуп калдым эле.

-- Ден соолуктан баштайлы, жылыш барбы, Замир байке?

-- Кудай буюрса. “Үмүтсүз шайтан” деп коёт эмеспи. Жакшы болуп баратам, жаман эмес, алдыга жылыш бар. Негизи эле бүткүл адамзатка кааларым ден соолуктары чың болсун. Саламаттыгың ойдогудай болбосо, таман алдындагы дүйнө бир тыйынга татыбайт экен.

-- “Жылыш бар” дедиңиз, ал ортодо уулуңуз үйлөнүп, эгиз неберелүү болдуңар, бир кыз, бир эркек...

-- Сөз чынынан бузулбайт эмеспи, сага айтпаганда кимге айтам? Илдетке кабылгандан кийин үйдө отуруп калдым. Кызым болсо өзү менен өзү. Уулум Айбек үйлөнбөй жүрдү. Жандүйнөң уйгу-туйгу болгон күндөрдө “жалгыз уулум үйлөнбөй, небере жыттабай өтүп кетемби? Эмнеге менин тагдырым ушундай оор күндөргө туш келди, эмнемден Кудайга жакпадым, кай жерден кетти?” деп баш мыкчыган учурлар болду. Анан эле бир күнү Айбек уулум “ата, үйлөнөм” деп калды. “Айланайын, оозуңа май, үйлөн” дедик. Шарт барбы-жокпу караган жокпуз. “Куданыкын Кудай камдайт” дегендей, жеңең экөөбүздүн сүйүнүчүбүздө чек жок болду. Келиндин колунан чай ичип, кол узарып, жыргап эле калдык. Бир жыл өтүп-өтпөй эгиз неберелүү болдук. Мына сага, андагы кубанганыбызды азыр сөз менен жеткире албайм! Андан дагы азыр эки неберем алмак-салмак мойнума артылып, эркелешип, биринен бири кызганып мени талашканда, элжиреп эзилип кетесиң. Азыр өзүң көргөндөй экөө тең басып, жандары тынбай турган чактары. Азыркынын балдары эрте жетилеби? Кээде “тигини апкел, муну тиги жакка кой, буга тийбе” десең баарын түшүнүшөт. Эгер телефонума чалуу келип калса, кудуңдап көтөрүп келишет. Ал эми сотканы бизден жакшы билишет. Өздөрүнө жаккандарын Ютубдан бат эле табышат да, экөө ынтымакташып көрүп отура беришет.      

-- Замике, жакында киного тартылганыңызды уктук. Ошол жөнүндө сөз кыла отуруңуз?..

-- Ооба, Азамат Шаршенов деген кинорежиссер жигитибиз “Ниет” деген тасма тартты. Мен башкы каармандын атасы болуп, жеңең болсо апасын ойноп берди. Сценарийи мага жакты. Бул эми кыргызда “ниет” деген түшүнүк бар. Ак ниет, кара ниет дегендей. Адамдар ниеттерин оңдошу керектиги (!) жөнүндө тасма. Бүгүнкү күндүн күзгүсү. Мен баарын айта бербейин. Кино тартылып бүттү. Учурда монтаждоо, үн коштоо, музыкасын туташтыруу иштери жүрүп жатат, буюрса, жакын арада жалпы коомчулукка чыгат.

-- Бул эми сынактык бекен же кассалыкпы?

-- “Фестивалдык, сынактык” дебей эле жалпы кино сүйүүчүлөргө арналды. Таалим-тарбия маанисинде салмактуу тасма болду. 

-- Азаматтан сырткары, башка кинорежиссерлор да келип атышабы?

-- Ой, толтура. Кээ бирлеринен саламаттыгыма байланыштуу баш тартууга туура келип атат.

-- Гонорар маселесине токтолсоңуз?..

-- Гонорар маселеси жеке эле мен эмес, жалпы Кыргызстандагы чыгармачыл адамдар үчүн жокко эсе деп койсо болот. Көндүрүп бүтүштү, биз да көнүп калдык. Деги эле гонорар маселеси жакшы нукта чечилмейин, жакшы чыгармалар да жаралбайт. Мейли кинодо, мейли музыкада болсун. Жаратман адамдар кантсе да жандүйнөсү менен берилип, жүлүн аркылуу өткөрүп, аны кабыл алуучулардын жүрөгүнө чейин жеткизүү аракетин кылып, далбас уруп атат да. Айтайын дегеним, профессионалдар, кесипкөй актёрлорду эстебей, эскербей калышты. Жөн эле көчөдөн кармап келип тартып атышат. 

-- Үйдө отурганыңыз менен ааламда, анын ичинде өзүбүздүн өлкөдөгү жаңылыктардан кабардар болсоңуз керек?

-- Жаңылыктардын бирин калтырбай көрөм. Биз жөнүндө башка өлкөлөр эмне деп аткандарынан кабардармын. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жакшы жылыштар болуп атат. Өзгөчө жеңил өнөр жай алгылыктуу өнүгүп атканы жүрөгүмдү жылытты. Биздин продукциялардын баары чет өлкөлөргө кетип атыптыр. Жадагалса Россияда күн көрүп жүргөн кыз-келиндер мекенге кайтып келип, жаңы ачылып аткан тигүү фабрикаларда иштеп атышат. “Бир айда 50 миң сомго чейин алып атабыз. Россияда ушундай акча аласың, анан жаткан жериң менен тамак-ашыңдан артпайт” дешти. 

-- Учурда көкүрөк-көөдөнүңүздү кайсы ойлор чулгап алды?

-- Эки жылдан кийин биздин Кыргыз улуттук драма театрыбызга 100 жыл толот. Ошол датаны мамлекет кандай деңгээлде өткөрөт (?) деген ой терең санаага салды. Азырынча ал жөнүндө бир да сөз боло элек. Чолпонбек Базарбаев театрдын 80 жылдыгында “Кыргыз улуттук академиялык театры – кыргыз маданиятынын Меккеси” деди эле. Эмне деген сөз, эмне деген баа берүү! 100 жылдыкка башкача мамиле кылып, өтө жогорку деңгээлде белгилөө керек. Эмне деген залкарлар ушу жактан чыккан? Кечээки эле Советбек Жумадыловду эч ким эскербей калды. Советбек Жумадылов ким? Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева жана башкаларчы?.. Ошол...


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер