Акыркы кабарлар
» Саясат » ЖК комитети министр Бейшеналиевдин кызмат ордуна ылайык келбестигин айтты
ЖК комитети министр Бейшеналиевдин кызмат ордуна ылайык келбестигин айтты
19-апрель, 17:05
516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордуна ылайык келбестигин айтты. Бул тууралуу Govori.TVга депутат Чынара Урумкалиева билдирген. Маалыматка караганда, мындай чечим аталган комитет тарабынан бүгүн, 19-апрелде кабыл алынган.
“Бейшеналиевдин кызмат ордуна ылайык келбестигин жыйынга катышкан комитет мүчөлөрү колдоп бердик. Анын уу коргошун ичкени коомчулукта резонанс жаратып жатат. Бир гана уу коргошун эмес, комитеттин отурумуна чакырсак да келбей жатат. Суроолор ачык бойдон калууда. Жумуштан алуу маселеси боюнча дагы көп арыздар түшүп жатат” деди Урумкалиева.