Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бизде коррупционерлердин тобу инвесторлорду уруп-сабап, кубалап жиберишет...

Бизде коррупционерлердин тобу инвесторлорду уруп-сабап, кубалап жиберишет...

21-май, 18:45
596 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын экономикасынын пандемия кризисинен кийинки абалы жөнүндө айтпаган, жазбаган киши калган жок окшойт. Негизинен саясатчылардан баштап ар кандай деңгээлдеги өздөрүн “экспертмин” деп санагандарга чейин өтө терс маанайдагы прогноздорун берүүдө. Албетте, коронавирус пандемиясы баардык өлкөлөрдү кучагына алды. Жыйынтыгында, экономикалык өсүш дээрлик баардык мамлекеттерде токтоп калды. Мындай көрүнүш Кыргызстанга да тийешелүү. 

Тилекке каршы, биздин өлкө дүйнөдөгү эң чабал, карызы көп, кредиттер жана гранттар менен жашаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Экономикалык жактан ким кредит берсе ошого көз каранды. Жумушсуздуктун саны катастрофалык деңгээлде өтө жогору. Биздин статистика жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөргө жумуш издеп кеткендерди эсепке кошпой жүрүшөт. Буга кошумча ички миграция да жарым-жартылай жумушсуздардын санын түзөт. Үйүндө бала багып отурган аялдар, жумушка жарактуу мигрант балдары багат (!) деп үмүт этип отурган ата-энелер да статистикага кирген эмес. Булардын баарын кошкондо, пандемия кризиси жок эле дээрлик бир топ жумушка жарактуу граждандарыбыз жумушсуздардын катарына кирет. Калган калктын бир тобу мамлекеттик органдарда жана мекемелерде, соода-сатык системасында, тейлөө кызматтарында, курулуш жана транспорт, айыл чарбасы жана анча-мынча жеке жана чакан ишканаларда иштешет. Көк баштык көтөргөндөр күнүмдүк иш менен оокат кылышат.

Фермерлер менен дыйкан чарбаларынын канчасы ишке тартылган, канчасы иштебейт – бул жөнүндө статистикалык так маалымат жок. Себеби, методикасы иштелип чыккан эмес. Мамлекеттик органдарды реформалоо үчүн канча гранттар жана кредиттер алынганы жөнүндө да так маалымат жок. Баарын тең эле инвестиция дей беришет. Бирок жыйынтык жок. Тескерисинче, баары талкаланган абалда. Бул биздин божомолубуз. 

Эми ички жумушсуздарыбыз жыл сайын (быйыл 59-60 миң окуучу 11-классты бүтөт) 11-классты бүткөн балдар-кыздарыбыз менен толукталып турат. Бир азы орто жана жогорку окуу жайларына кирип окушат, же чет өлкөлөргө жумуш издеп кетүүгө аргасыз болушат. Бул дагы конституциялык укукту бузган ЖРТнын (жалпы республикалык тестирлөө) азабы.

 Орто жана жогорку окуу жайларын бүткөндөрдүн теңинен көбү чет өлкөлөргө кетишет. Мисалы, Кыргыз-Орус Славян университети баш болгон бир нече окуу жайлары чет өлкөлөр үчүн биздин жаштарды окутушат, же алар үчүн кадр даярдап беришет. Бизде окууну бүтүрүп, чет мамлекеттерге даярдап берген кыргызстандыктар менен чет өлкөдөн окууну бүтүрүп келгендердин так саны жок.

Пандемиянын айынан жумушсуз калган 20 миңдей мигранттарыбыздын республикага келиши күтүлүүдө. Чет өлкөдө калгандар деле эптеп-септеп өлбөстүн күнүн көрөр түрү бар. Демек, бул жактагы үй-бүлөлөрү кыйналары бышык. Мигранттардан келген акчалар той-аш болсо дагы суроо-талап жаратып, кыйрайган экономикабызга бир аз да болсо өбөлгө болуп келген. Ички тамак-аш рыногу өзүнүн продукцияларын ошол ресторан, кафелерге сатчу. Азыр бул тармак дагы илең-салаң иштей баштайт. Демек, көптөгөн официант кыздар-балдар жумушсуз калат.

Адатынча «быйыл унга суроо-талап көбөйдү» деп дыйкан чарбаларыбыз буудай айдай башташты. Күзүндө базарга эгин батпай кетип, баасы өздүк наркынан төмөн түшүп кетүүсү ыктымал. Бизде болсо логистикалык борборлор жетишсиз. Болсо квалификациясы төмөн. Бул дагы чоң проблема.

Инвестиция жаатына келсек, ички бюрократия, компетентсиздик жана коррупциянын айынан өзүбүздүн ички финансы ресурстарыбыз чет өлкөлөргө качып жатат. Ал эми чет өлкөлөрдөн келген инвесторлорду ар кандай экология шылтоосу менен ошол эле коррупционерлер ар кандай топторду жалдап уруп-согуп кубалап жатышат.

Мыйзамсыз өлкөгө бандиттер эле инвестиция алып келбесе, биздин башкаруу органдарынын кебетесин көргөн акыл-эстүү адамдар эч качан келбейт. Бир эле мисал, Торугартка эркин экономикалык аймагын ачалы десе чуру-чуу чыгарып атып ачтырбай коюп, азыр товарлардын баарын Хоргостон Казакстан аркылуу алып келүүгө аргасыз болушту. Бул товарлардын баасын кыйла көтөрүп, элге түздөн-түз зыянын тийгизди.

Таатандагы тыңыраак, байыраак кытайлар Казакстан менен Өзбекстанга, инвестициялары болсо Тажикстанга качып кетишти. Жакында эле «Аташыга логистикалык борбор курабыз» деп баштаарын баштап коюп, аягына чыкпай чурулдап жатып, мамлекет бир топ миллион сомго зыян тартып калды. Ал сомдор ошол эл төлөгөн салыктардын эсебинен жабылат. 

Таңкаларлык окуя, жакында инвестициялык секретариат деген бар экенин уктук. Бул секретариат эмне жумуш кыларын билбейт экенбиз. Өлкөдө болуп жаткан инвесторлорду качырууга жардам берип жатышабы? Же ар кандай жомокторду ишке ашырабыз (!) деп гранттарды алып келип оокат кылып жатышабы? Же “кайсы эксперт эмне деп айтаар экен, айткандарын жазып алып өкмөткө сунуштайлы” деп отурушабы, айтор, белгисиз.

Акырында айтарым, Кыргызстан эч кандай оор абалга кабылбайт. Базарларыбыз азык-түлүккө толтура. Жазгы талаа жумуштары өз убагында жүргүзүлдү. Россия менен Казакстандын рыноктору ачылса жеңил өнөр жайыбыз, кийим тигүү тармагыбыз иштей баштайт. Кудайга шүгүр, курулуш иши жандана баштады. Арак менен тамеки иштебей койсо деле болот. Тек гана ашка жүк, башка жүктөрдүн санын кескин азайтса, тышкы карыздан деле кутулабыз. Эң негизгиси, элибизде аманчылык, ден соолук болсун!


Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору, профессор  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер