“Бир Болдогу” сулуу кыздардын бирине Алмамбет Шыкмаматов баш кошобу?
Башка партияларга салыштырмалуу “Бир Бол” катарын жаштар менен толуктап, жаңы жүздөр аркылуу шайлоого аттанды. Коомчулуктун да кызыгуусу артылууда. Өзгөчө чырайлуу бойдок кыз-келиндер көп экени да суктандырууда. О.э. капчыктуулар да арбын тура. Мындай бурулушту Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов жасаганы жашыруун эмес. Азырынча элдин элегинен өтүүдө. Баса, Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы пневмониядан каза болуп, кайгылуу окуяга күбө болгонбуз. “Түсү ийгиден түңүлбө” дегендей, “Бир Болдогу” сулуу кыздардын бирине Алмаке “ак төөнүн карды жарылганда” баш кошуп, түтүн булатып кетсе эмнеге болбосун? Элүүдөн жаңы ашкан адам жигит бойдон эле да, анүстүнө саясатчыга бойдок жүргөнү да көп коошпойт. “Жакшы тилек – жарым ырыс” дейт. Мындан ары жамандык эмес, тойлор болсун!
Aryba.kg