Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жер саткан Акаев менен Мадумаров, кыргынга себепчи Отунбаева ж.б. оппозициянын аксак-тескеги

Жер саткан Акаев менен Мадумаров, кыргынга себепчи Отунбаева ж.б. оппозициянын аксак-тескеги

16-ноябрь, 09:00
841 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу мекендештер!

Улуу жыйынга чыгып, улуу сөзүбүздү айткыча дагы бир топ убакыт бар. Бирок акыркы күндөрү айгайлап чыккан айрым топ бузар томаяк, чыккынчылардын чуусу бир четинен басылса, экинчи четинен дагы бир башка маанайга өтүп, кай бир бийлик бутактарынын ичинде ыргылжың абалды жаратып жаткансыйт. Ал абал биринчи кезекте Жогорку Кеңештин айрым фракцияларынын ичинде орун алганы байкалат. Анткени алар эмне болгон күндө да өздөрүнүн кол тийбес укуктарынан пайдаланып, биринчи кезекте, албетте, өзүнүн гана бизнесин коргоп калуунун жолун издесе, экинчи жагынан ушул күнгө чейин чээндеринде бугуп жаткан экс-шефтеринин тагдырын элестетип, эмне кылар айласын табышпай, карбаластап калышканы да байкалат. Мындай учурда кыргыздар “тону жаманды ит капсын, ою жаманды Кудай тапсын” деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай, “ортобузга от жаккан чагымчыл арсыздардын тилеги таш капсын” дей туралычы. Анткени азырынча аларга карата катуу чара көрө турган жол-жоболорубуз деле жок. Аны бир Кудай өзү билип, көңдөй көөдөндөрүнө бир чымчым болсо да бир нерсе салып койбосо, биз аларга эч нерсе кыла албайбыз... Ал – аксиома.

Айтайын дегеним, жакшыбызбы-жаманбызбы, бир эл болгондон кийин жана ушул улуу жыйынга ошол элибиздин атынан атайын өкүл болуп келгенден кийин ийри отуруп, түз кеңешип, “биз ким элек, ким болдук? Биз ким болушубуз керек?” деген суроолорго кыска жана нуска жооп издеп көрбөйлүбү, каршы болбосоңуздар.

Кыргыз эли тууралуу мындан 800 жыл мурда жашап өткөн азербайжан элинин улуу акыны Низами Гянджеви Абу Мухаммед Ильяс ибн Юсуф (1141-1209) өзүнүн “Искандер-наме” поэмасында жазып калтырган экен. Анда “улуу жоокер Искандер падишах Грецияны, Египет, Сирияны багындырып, Мараканды алып, Индияга жол тартып бара жатып, алыстан бир ажайып кооз шаарга туш келет. Ал шаар Хирхизге барчу жолдо Теңир-Тоонун этегинде жайгашкан экен. Шаардыктар Искандерди кубаныч менен тосуп алышып, “ыйык жергебиздин ырыскысынан даам татып кетиңиз” деп хан сарайга чакырышат. Искандер алардын чакыруусун кабыл алып, “шаарыңар неге ачык, кулпусу жок? Бак-шагыңар гүлдөгөн, бакчысы жок? Мал-жаныңар ээн-эркин, малчысы жок?” деп суроо берет. Шаардыктар Искандерге “биздин күч күчтө эмес – ишенимде, Кубатыбыз кунда эмес – биримдикте. Ар бирибиз жашайбыз теңчиликте. Жол берилбейт эч качан кемчиликке. Убагында жер айдап, мал багабыз. Убагында дан жыйнап, мал табабыз. Байлык менен бийлик элине кызмат кылат. Сый-урмат арабызда жүрүп турат. Бул биздин жашоо-турмуш иретибиз. Бул биздин каада-салт, милдетибиз” деп жооп беришет. 

Муну угуп, өз көзү менен көрүп турган Искандер абдан таңгалат. “Эмнеге мен ушунча жыл жер кезип, жанды кыйнап, бийликтен бийлик тандап, байлык жыйнап, шаар бузуп, элин чаап, жерин алдым. Мына, азыр колумда баары турат. Кана эми айткылачы, капысынан мен эртең өтүп кетсем, бул дүйнөдөгү көроокат кимге калат, кайда калат? Кой эми, жортуулумду токтотоюн. Ооматы жок оокатка баш ийбейин. Бакубат жашоо үчүн бул дүйнөдө, бул элдин пейилине жол издейин” деп эл-жерине кайтып келген экен.

Бул окуя мындан 2 миң жыл мурда, т.а., б.з.ч 325-жылдары Теңир-Тоонун этегинде жашаган илгерки кыргыз элинин айылында болгон. Бул тарыхый чындык.

Экинчи суроо: “Биз ким болдук?” – абдан оор суроо, анткени ушул залда отурган ар бирибиздин оюбуз ар башка. Ошондуктан анын жообун аягына калтырып, азыр абдан кыскача, үчүнчү суроонун жообун айта кетейин. 

Андан 14 кылым өткөндөн кийин, б.а., жакында эле (1889-1975-жылдар) биз менен чогуу жашап өткөн Улуу Британия элинин белгилүү тарыхчы, социолог-философу Арнольд Тойнби мырза да куттуу кыргыз элининин эртеңки келечеги тууралуу төмөнкү ой-пикирин жазып калтырыптыр: “Дүйнөлүк цивилизациялардын келечек тагдыры жана жалпы эле адамзаттын бакубат жашоо турмушунун борбору айтылуу Париж же Лондондо эмес, куттуу Теңир-Тоонун этегинде жашаган көрөңгөсү күчтүү, акыл-эси терең, генетикалык коду таза жана адилеттүүлүктү туу туткан кең пейил, руханий дүйнөсү бийик элдин ичинде гана калыптанышы мүмкүн” деп. 

Ооба, Кудай сүйгөн куттуу кыргыз элинин акыл-эси, каада-салты, бийик руханий дүйнөсү жана наркы – жалпы эле адамзаттын прогрессивдүү өнүгүүсүнүн жана анын ички дүйнөсүнүн калыптануусуна кошкон салымы зор экенин XX-XXI кылымдын белгилүү прогрессивдүү инсандары Чыңгыз Айтматовдун демилгеси жана жетекчилиги астында уюштурулган “Ысык-Көл форумунун” катышуучулары да бир ооздон айтып өтүштү. 

Анан эмне болдук? Анан ушул турмушка туш келдик. Дагы Кудай сүйгөн куттуу кыргыз элинин уучу кур эмес экен. “Мени билесиңер, мен Алла Тааладан башка эч кимге кошомат кылган эмесмин. “Ташиев менен Жапаров Кемпир-Абадды берип койду” дегендерге, ошол эле оппозицияга же ошол эле түшүнбөгөн же түшүнгүсү келбегендерге суроо берип көрөйүн деп жатам: “Кемпир-Абад качан Кыргызстанга карачу эле?” деп. Мен ошол жерде туулуп өскөн, ошол жердин кулуну болом. Тарыхын айттым. Ал жерди убагында Кыргыз Эл Баатыры болгон Турдакун Усубалиев Өзбекстанга өткөрүп берип салган. 1960-жылдан бери бул жер эч качан Кыргызстанга караган эмес” деп Кыргыз Республикасынын I-II, V чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу элге ачуу чындыкты айтып, бир жумадан бери жер тепкилеп, улуп-уңшуп, элдин ыркын бузуп, тынчын алып жаткан топ бузар томаяк, саткынды көрпенделердин жаагын жап кылганына бүгүн баарыбыз күбө болуп отурабыз. Демек, аларга чындыгында эле Кемпир-Абад, Баткендин да кереги жок экени ачык аныкталып калды. Аларга бийлик гана керек экен. 

Ооба, Турсунбай мырзанын мындай улуу жарандык позициясы баардыгыбыз үчүн чоң сабак болду. Ошону менен бирге дагы бир айныгыс фактыны айтып коюуну туура көрүп турам. 1961-жылы биз Чолпон-Ата мектебинин орус классынын бүтүрүүчүлөрү бир күнү “КР КП БКсынын 1-катчысы Исхак Раззаков улутчул саясат жүргүзгөндүгү үчүн иштен алынды” деген кабар угуп калдык. Андан бир ай өткөндөн кийин орус тил мугалимибиз Александра Николаевна келип, “мындан ары кыргыз тил сабагын окуу эркин болот” деп айтты. Ошентип, КР жаңы КП БКсынын 1-катчысы Турдакун Усубалиевдин жетекчилиги астында интернационализмди туу туткан совет элинин жаш жарандары болуп калдык. Натыйжасы белгилүү. 

Андан көп өтпөй Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасында кыргыз тилин билбеген, кыргыз тилин жериген, ата-тегин тааныбаган “киргиздер” пайда болду. Манасты “баскынчы” деп тааныган нигилисттер жүрүштү. Чүйдү, Көлдү орустардын мекени катары тааныган “жаңы орустар” пайда болду. Каза болгон ата-энесине жаназага туруп, куран окутуп, мал сойгон коммунисттер кызматынан куулуп калды.

Ушундай шартта, 1987-жылдын 4-5-декабрында Фрунзеде “Интернациональное воспитание трудящихся и молодежи страны” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ал убакта баардык жыйындар орус тилинде гана жүргүзүлгөндүктөн, мен анын кыскача текстин орус тилинде берейин.

«Для меня, - сказал в своем выступлении Ч.Т.Айтматов, -остается только загадкой, почему определенные печатные органы изображают зачастую дело так, что население национальных республик, в частности, в Киргизии, якобы недостаточно хорошо говорят по-русски, и бьют по этому поводу ложную тревогу. Мне лично кажется, что такие утверждения выдвигаются определенными силами в республике в качестве контр проблемы, как только речь заходит о необходимости усилий по развитию на местах национальных языков. Мы против таких противопоставлений. Между нашими языками нет антагонизма и даже противоречия нет, в наших условиях каждый язык имеет свое место и ничто не мешает им сосуществовать, принадлежать одновременно каждому из нас, только не надо намеренно мешать этому процессу, выбегая с криком на дорогу в тоге сверхинтернационалиста».

Кстати, о принципе добровольности. Не слишком ли вольно мы толкуем это понятие, когда дело касается национальных языков. По отношению к родному языку добровольность представляется мне неким кощунством. Принуждать, разумеется, никто никогда не может, но и освобождать сознание нации от своей истории, тем более призывать, поощрять отказ от родной речи тоже не следует. 

Мало ли нас, много ли, но здесь эпицентр нашего народа. Только здесь, на этой земле, и больше нигде. И этого нельзя забывать, когда идет сопоставление и выяснение так называемого процентного соотношения. Когда иные лица пытаются если не противопоставить, то во всяком случае выдвинуть негативное отношение к потребностям нашей национальной культуры, мотивируя это тем, что существуют-де еще и другие национальные меньшинства, то надо иметь в виду, что у этих меньшинств, с которыми мы живем в мире и согласии уже свыше 100 лет и с которыми у нас не было никаких инцидентов, ничего, кроме дружбы и уважения. У этих народов при всем при том существуют свои, куда более мощные, основные эпицентры культуры, где и сохраняются и развиваются их языки.

А если киргизская культура не может состояться на своей земле, то она уже нигде не может состояться. Вот в чем наша небольшая разница, которую следует учитывать. А мы в столице республики не можем открыть простейших и безобидных детсадов.

И в заключение, - сказал Ч.Т.Айтматов, -- все наши трудовые и социальные усилия, все наши хозяйственные планы преследуют общую задачу – подъем экономики. Но и это не самоцель, если смотреть в корень бытия. Только тогда, когда наши достижения обернутся прогрессом духовной культуры и в том числе прогрессом национальной культуры, эти усилия обретут свой высший смысл. И это будет конечным торжеством труда нашего народа».

Андан бери 35 жыл өтсө дагы адамзаттын миң жылда бир жаралчу гуманист инсаны Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун улуу кыргыз элинин тилин, дилин, каада-салтын жана бийик руханий дүйнөсүн өз убагында тоталитардык режимдин таш тегирменинен сактап калууга жетишкен улуу жарандык эрдигин ушул убакытка чейин толук кандуу баалап алууга кудуретибиз жетпей келет. Анткени, ал убакта Батыштын саркынды саясатына сугарылган демократ-демагог жана өзүм билемдикти туу туткан мансапкор жетекчилерибиз ак эмгек эмес алдамчылык жолу менен байлыкка жетиш үчүн Адам Смиттин арсар теориясын колдонуп, саясый кулчулуктун “кыйратып-кайра куруу” режимин тандап алышкан. 

Ооба, отуз жылдан бери бирөөнүн көзүн карап, бирөөнүн колун карап жашоону кесип кылып алган кеселдердин тукумдары бийлик талашып, билгенин кылып, дагы 30 жыл оромпой тээп эл башкарган эргул-шергүлдөрдү башыбыздан өткөрбөдүкпү. Алардын ичинде эң эпчил, элинин эбегейсиз байлыгын өзүнүн эбегейсиз бийлигине алмашып, жерин саткан, эң ыплас саясый сойкулукту туу туткан эл башчыларынын бири “акылман” Акаев болсо, экинчиси – элин кыргынга салып берген “каарман аял” Отунбаева болуп калды. Акаев тууралуу кыргыз коомчулугу анча-мынча болсо да уккан-көргөнү бардыр, ал эми Роза айым тууралуу чындыкты билгендер өтө эле аз. Анын себеби бир эле нерседе. Ал – кыргыз элинин кыялында жана каада-салтында аял кишини аяп, жолу улуу деп сый мамиле кылып көнүп калганыбызда... 

Ал эми азыркы кырдаалга байланыштуу бийлик тарабынан мыйзам чегинде болсо да “убактылуу кармалгандар кимдер болду экен?” деген суроо ар бирибиздин көңүлүбүздө турат. Эгерде каршы болбосоңуздар, бир мүнөт убактыңарды алып, алардын көпчүлүк элге эбактан бери маалым болгон “эрдиктерин” дагы бир жолу эсиңиздерге сала кетейин. 

 Мисалы, бир нерсени билсе-билбесе да кошоматка кой союп, чагымчылардын чачпагын көтөрө чуркап жүргөн Айданбек Акматов, Исхак Масалиев жана Равшан Жээнбековго окшогон серепчи сөрөйлөр өмүрүндө куурай башын сындырып, бир иштин аягына чыгып, бир айыл эмес, бир адамга жакшылык кылып койгонун укпаптырбыз, көрбөптүрбүз, билбептирбиз. 

Андан кийинки, атка минип көрбөгөн арсыздардын арасында өзгөчө орду бар Адахан Мадумаров убагында өзү билип, атасынан калгансып 60 гектар жерди дүңүнөн коңшу мамлекетке кол коюп берип салып, кыргыздын “кыйын кишиси” болуп чыга келгени белгилүү. Анын бул жосунсуз жоругу өтө эле жумшак айтканда, өз элинин жараны катары адекваттуу адам эмес экенин ачык эле айгинелеп турат. “Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” дегендей, анын ал кесепети азыркы учурда кыргыз-тажик чек ара масалесинин эң оор беренелеринин бири болуп, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө шек келтирип турат. Мындай учурда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери өзүнүн атын актаган адекваттуу адам болгондо, балким, “ызасына чыдабай ычкырына асынып өлмөк” деген сөз дайыма анын артынан ээрчип жүрөт. Жок, ал андай адам эмес. Ал табиятынан өзүнөн башка адамды адам катары санабаган кадимки эле циник. Анын жанында текебер, тентек Текебаев чындыгында эле периштедей болуп көрүнөт. Ага далил катары анын кайрадан парламенттин трибунасын ат кылып минип алып, өзүнө чаң жугузбай, бирөөнүн көзүн, бирөөнүн көчүгүн чукуп, какшык сүйлөп, калп айтып турганын эл өзү деле көрүп турбайбы... Таңгаласың, деги ал ким өзү? Чын эле эгемен эл шайлаган эл өкүлүбү же жең ичинен желкелеп жеңишке жеткиришкен анын жээк-жаттарыбы? Айткылачы, ким билет анын ким экенин? Анын электоратыбы же анын меценаттарыбы? Анда эмесе, убагында аны менен бирге иштеген айрым кесиптештерине сөз берели.

1. Накен Касиев: “Адахан авторитардык бийликтин экинчи адамы. Мурда акыйкат үчүн күрөшүп келсе, азыр анын бири жок. 180 градуска бурулуп кеткен”. 

2. Султан Урманаев: “Ал спикер болгону парламенттеги депутаттар өз ойлорун ачык айтпай, трибунадан сүйлөбөй калбадыбы. Дүйнөлүк практикада мындай жорук болгон эмес”.

3. Топчубек Тургуналиев: “Демократия, адилеттүүлүк” деп кыйкырып жүргөн Адахан антидемократиялык жол менен парламентке келип, “сен сүйлөйсүң, сен сүйлөбөйсүң” деп диктатураны орнотту”.

 4. Жамин Акималиев: “Спикермин деп эле депутаттарды башкарганы туура эмес. Мурда мамлекеттик катчы болуп жүрүп башкарганды үйрөнүп алса керек. Өзүнүн укугун ашыра чаап, аким, губернатор катары сезип жатат. Минте берсе, акыры баркы кетип калат го”. (“Де-факто” 13-март 2008-жыл. А.Мадумаров “Биз апакайбыз жана үлпүлдөкпүз”). 

Кийинки сөз, коомчулукта “колунан кокон келбесе да дымагы күч!” деген түшүнүктүн каарманы, Убактылуу өкмөттүн өзгөчө өкүмдары катары тарыхта калган Исмаил Исаков тууралуу болмокчу. Сөзүбүз кур болбос үчүн бир эле фактыга кайрылалы. “11-июнь. Ош–Алай жолунда жайгашкан өзбек улутундагы жаштар Фурхат айлынан өтүп, Кыргыз-Чек айлына баратканда кыргыз армиясы БТР менен келип, эч нерсе кылбай токтоп туруп калат. Түштүк элин коргоого атайын жиберилген Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков да учуп келишет. Өз айылын коргоп турган 300дөй кыргыз балдарга барып жолугушат. УӨнүн мүчөлөрү турган элге өтө ачуулуу сүйлөшөт. Кыргыз балдар ага карабастан алардан “силер алдыга түшүп, өзбек туугандарды токтоткула, бул жаңжал өзбектерге, бизге да кереги жок. Өзбек балдарда курал-жарактар көп, бизге жардам бергиле!” деп суранышса, Фурхат тараптагы махаллядан чыккан балдар ок атып келе жатканын көргөн тигил экөө вертолетко түшүп учуп кетип калышат. Ошентип, 1-2 күн түнү менен эки эл өзү менен өзү болуп, көп балдар каза болушат. Себеби УӨ мүчөлөрү жана Улуттук коопсуздук комитети кандуу окуя болорун өз убагында билишсе да, алдын ала эч кандай чара көрүшкөн эмес”. (Жылдыз Жолдошова “Ак-Буурадан суу эмес, кан акты” “Асман.KG” 24-июнь 2010-жыл).

Ага кошумча: “Түштүк аймакта эл башчысы катары Исмаил Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Мелис Мырзакматов, Бектур Асанов сыяктуулар текей терип жүрүшпөсө, анда неге алар алдын ала чараларды көрүшпөдү? Бул адамдарды тарых соту убагы келгенде соттой турганы алдыда!” (“Учур”, 24-июнь 2010-жыл).

Дагы бир кошумча: “7-апрель революциясына альтернатива катары АКШнын мамлекеттик коопсуздук департаменти (Мамдеп) тарабынан уюштурулган ”ОШ-2010” атайын операциясын толук кандуу ишке ашырууга сиңирген өзгөчө зор “эмгеги” үчүн УӨ жетекчиси Роза Отунбаева АКШнын Мамдепи тарабынан “Каарман аял” сыйлыгына ээ болгон.

Ушул жогоруда аты аталган жана аталбаган “каармандар” бүгүнкү күнү Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө шек келтире турган кырдаалда өз элине көмөк көрсөтүүнүн ордуна, “бөрк ал десе баш кескен” чагымчыл чыккынчыларды колдоп, аларга адвокат болуп, элге акыл үйрөтүп, күпүлдөп жүрүшкөнү – чындыгында эле алардын иш жүзүндө ким экенин ачык айгинелеген фактор болуп калды. Мындай учурда кыргыз элинин конституциялык укугун коргоп, ага ылайык өз тагдырын өзү тандап алган элдин эркин, анын ак эмгегин жана салттуу кадыр-баркын сактап калуу максатында мамлекеттик бийлик өкүлдөрү тарабынан көрүлгөн мыйзам ченемдүү иш-чаралар өз убагында жана так аткарылганын ушул жерде ачык айтып кетүү абдан зарыл болуп турат. Анткени, Кудай сүйгөн улуу кыргыз элибиздин кең пейилине жана анын адилеттүүлүктү туу туткан кеменгерлигине таң берген улуу жоокер Искандер падишахтын акыркы каалоо-тилегин эске алып, Улуу Британия элинин ойчул, тарыхчы философу Арнольд Тойнби мырзанын кыргыз элинин бийик рухий дүйнөсү бүткүл адамзаттын келечектеги бакубат жашоо турмушунун калыптанышына кызмат кылат деген терең ишенимин актоо иретинде бүгүн биздин мекенчил уул-кыздарыбыз күнү-түнү дебей күч-аракеттерин жумшап, элине кызмат кылып жаткан ак эмгегин баалап, бири-бирибизге болгон сый-урматыбыздан жазбай, тынчтыкта жана биримдикте бул ишенимдүү жашоо-турмушубузду көзүбүздүн карегиндей сактап калышыбыз керек болуп турат деп айткым келет.


Сиздерге терең урматым менен 

Карыбай Турусбеков

22-октябрь, 2022-жыл 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер