Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анарбек Усупбаев: “Айылдарды кыдырган дааватчыларды токтотуу зарыл!”

Анарбек Усупбаев: “Айылдарды кыдырган дааватчыларды токтотуу зарыл!”

22-март, 12:40
4 934 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


-- Анарбек ага, кыргыз момун мусулмандары акыркы кезде каада-салтыбызды чана баштаган өңдүү, же андай эмеспи? 

-- Азыр ислам дини жетимиштен ашык бөлүккө бөлүнүп кетти. Ушундан улам кыргыздар өздөрү кайсы жагына, кайсы сектасына кирерин билбей, айлаларын таппай турган учур. Бизде илгери Адыгине, Тагай бийдин учурунда “мейли, биз ислам динин, анын ичинде ханафи мазхабын кабыл алалы. Бирок, өзүбүздүн каада-салттан чыкпайлы. Намазыңарды окуп, орозону туталы, жаназага туралы” деген түшүнүктөр менен кабыл алышканы тарыхый булактарда айтылып жүрөт. Мындайга менин көз карашым туура эле, түз. Андан артык бизге кереги деле жок. Чала молдолорду укпай, Куранды, анын шарияттарын өзүбүз окушубуз керек.

-- “Ашкере динчилдер коронавируска карата өкмөттүн чечимдерин четке кага баштаптыр” деп угуп калдым, кабарыңыз жокпу?

 -- Бийлик тарабынан коомчулукка “жума намазга жана эл көп чогулуп жаткан мечиттерге барбагыла” деген сыяктуу кайрылуу болгон. Аны кээ бир ашкере динчилдер акаарат иретинде “биз эмнеге жума намазга барбайбыз?” деп айтып чыккандар болуптур. Бул өтө туура эмес көрүнүш, баардык жерде мектептер жабылып, ар кыл маданий иш-чаралар убактылуу токтотулуп турган учурда, муну баш ийбегендик катары баалайм. Биздин салтыбыздын динин карманбай, ваххабизм жолуна түшкөндүк катары айтат элем. Ансыз деле бизде Курман айт, Орозо айт бар, ата-бабаларга багышталып Куран окутабыз. 

-- Ислам дининде “түлөө” деген түшүнүк барбы?

-- Ислам дининде “түлөө” деген түшүнүк кеңири мааниде жок. Болгону Курман айтта курмандык чалып түлөө кылышат. Ошого карабай жакында эле динчилдер коронавируска каршы түлөөнү 5-6 жерде чоң масштабда өткөрүштү. Кыргыздын өзүнүн жолу бар, биз ошол жолго түшкөнүбүз оң. 

-- Дааватчылар мурун жок эле...

-- Ошону айтпайсыңбы! Дин жолуна салабыз дешип, көчөмө-көчө, айылдарды кыдырган дааватчылар көбөйүп кетти. Мындай нерсени токтотуш керек. Бул нерсе да биз кабыл алган ханафи мазхабында жок. Ваххабизмде бар. КМШ мамлекеттери Таблиги жамааттарга тыюу салып салган. А бизде укмуштуудай өсүп жатат. Булардын баарын ордуна келтирүү кажет. 

-- Момун мусулмандарга жеке жек көрүү жагыңыз жокпу?

-- Момун мусулмандарга эч кандай жек көрүүм, каршылыгым жок. Болгону алар көздөрүн чоң ачып, илгерки ата-бабаларыбыздын жолуна түшүшсүн. Динди карманса карманышсын, эч кандай каршылык жок. Болгону, бирөөнүн башын обу жок айлантпа, бизге жат нерсеге үндөбө. 

-- Анарбек ага, сөөк коюуда айыл молдокеси жарым сааттан ашык даават айтат, ушу туурабы?

-- Жакында эле тууганыбыз кайтыш болуп, ошол жакка барсак, жаназага тургузуп алып, ээгинде эки-үч тал сербейген сакалы бар, мурутун алты айлык баланын көтөнүндөй кырып салган жаш молдоке сөрөй бир саат кармады го чиркиндики! Же өзү нормальный билсечи... Билсе да тыңгылыктуу айта албайт. Ошол жерде тургандардын басымдуу бөлүгү аны жакшы деле көргөн жок. Эки-үч суроо берейин деп, кайра “жаш баланын шагы сынып калбасын” деп карманып калдым. Дааватты кыска айт, жаназаны оку, элди көпкө кармаба, болду. Ханафи мазхабынын чегинде болсун, ага эч ким каршы эмес. 

-- Ошол сиз айткан молдоке сөрөйлөр кимди туурап, кайдан үлгү алып атышат?

-- Пакистан, Афганистан өлкөлөрүнөн үлгү алып атат өңдүү. Мен ал өлкөлөрдө болгом. Ой, алардын бети курусун, эл эмес! Билим, илим нөл, караңгы, түркөй эл. Биз ошолорго теңелелиби? Алардын деңгээлине түшсөк, Россия киргизбейт, Кытайды айтпай эле коёлу. Акылга келели, тирешпейли, ата-бабалардын каада-салтын, үрп-адатын урматтайлы, сыйлайлы, арапкул болбойлу!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер