“Насыя алгандардын көбөйгөнү жакшы эмес, жакырчылыктын белгиси”
2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 350 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан насыя алышты. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га көп. Муну менен 24 миллиард сомго жакын каражат же 35,5%дан көп насыя берилди. Төмөндө бул боюнча эксперттердин пикири.
Төлөнбек Абдыров, экономика илимдеринин доктору, профессор:
-- Соңку кезде карапайым адамдардын насыя алгандарынын саны өсүп жатат. Ар кандай негиздерде. Себеби, керектөөчү муктаждыкка көбүрөөк кызыгышууда. Андан кийин айыл чарба иштерине, мал кармап, аны көбөйткөнгө, талаа иштерине алып жүрүшөт. Айрымдар соода кылууга жана ар кандай курулуш иштерине да насыя арбын алынып турат. Биринчи кезекте борбор калаабызда, андан кийин Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарында алгандар көп.
Былтыркыга караганда насыя алгандардын көбөйгөнү байкалып жатат. Эл деле жашоодо кыйналганынан жол издешет экен, анан алышат. Кээ бир учурда пайызы чоңдорду деле алып, акырында ар кандай оор жагдайларга учурагандары өкүнүчтүү...
Бекмамат Орозов, экономика боюнча эксперт:
-- Мындай көрүнүш үч себептен келип чыгууда деген пикирдемин:
1. Инфляциянын жогорулашы. Демек, азык-түлүк, кызмат көрсөтүү, керектөө жана курулуш материалдарынын кымбаттоосу. Жогорудагы нерселерге жарандар чоң максаттарды коюшуп, пландап алышат да, тапкан кирешеси жетпей, насыя алууга барышат.
2. 18 жаштан жогору жарандар маркетингдин "курмандыгы" болушуп, кымбат баалуу буюмдарды насыяга алышууда.
3. Көңүл ачуу, той-аштар. Баарыбыз билгендей, той-аштар болуп көрбөгөндөй ысырапчылык менен өтөт. Андан тышкары, "кошумча" кошууга насыя алып баргандарды көрүп жүрөбүз.
Мындай жагдай коммерциялык банктардын, ошондой эле микрокредиттик компаниялардын кирешесин акыркы үч жыл аралыгында 30-40%га жогоруталып берди.
Эльдар Абакиров, экономика министринин мурдагы орун басары:
-- Насыяны алып, күнүмдүк керектөөчү муктаждыктарга корото берсе, албетте, бул жаман көрсөткүч. Элдин колунда акча жок, кир жуугуч машина, үтүк ж.б. баарын насыяга ала баштады деген көрсөткүч. Эгер ишкерликке алса, бул түзүгүрөөк көрсөткүч болмок. Негизи бул жакшы эмес жагдай. Жакырчылыктын эле бир белгиси.