Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назгүл Мамытова: “Алмазбек Атамбаев күчтүү лидер катары саясаттан кетпейт”

Назгүл Мамытова: “Алмазбек Атамбаев күчтүү лидер катары саясаттан кетпейт”

20-февраль, 21:42
378 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки күн мурун экс-президент Алмазбек Атамбаев камактан чыкты. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратты. Ушу күнгө чейин сатпаган тарапташтары, анын ичинде КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Назгүл Мамытова саргая күтүп, абактан тосуп алганын билебиз. Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы катары Назгүл айымды кепке тарттык.

-- Айтсаң, Алмазбек Атамбаев абактан бошонду, ошондо соттук иштери эмне болду?

-- Алмазбек Шаршеновичтин жактоочуларынын айтымында, Азиз Батукаев боюнча Жогорку соттун 13-февралдагы өкүмү жокко чыгарылып, иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайра тергөөгө жиберилди. Демек, юристтердин айтымында, ал соттолгон адам эмес, башы бош.

-- Акыбалы кандай экен?

-- Эми түрмө деген оор жай да... Бирок жүзү жарык, духу күчтүү болгону менен бир аз улгаюунун издери бар. Анүстүнө акыркы учурда саламаттыгы ойдогудай болгон жок. Ошол себептен 15-февраль күнү таңкы саат төрттө Испанияга дарыланууга учуп кетти. Жүрөк кан тамырлары, грыжасы, бутунун тизесин дарылатканы. Испаниянын премьер-министри Алмаз байкеге сөз бериптир, “өлкөдөгү мыкты дарыгерлердин кароосунда болот” деп. 

-- Бу киши дарыланып, саламаттыгын жакшырткандан кийин Кыргызстандын саясый чөйрөсүнө кайтып келеби, же “саясаттан такыр эле кеттим” дедиби?

-- Бул боюнча “саясаттан кеттим” деген жок, кайра мекенине келүүнү билдирди. Бирок, мен өтө жакындан билген адам катары эч кимге таңуулабаган пикиримди айтып коёюн. Алмазбек Шаршенович өлкөдөгү эң таасирдүү фигура, күчтүү лидер катары саясаттан эч качан кетпейт. Кайра кайтып келет. Тарапташтары, артындагы калдайган эли кетип калганга жол бербейт. Көңүл чордонундагы инсан. Өзүнүн сөзүндө “саясатка аралашкым келбейт, мажбурлаган жагдайлар болот” деп айтып келет. 

-- Биздин байкашыбызча, кечээ абактан чыккан кезде “шопур” кличкасы бар адамды көрүп калдык...

-- Икрам Илмиянов менен Абдышүкүр Нарматов келди. Бирок, келгенинен кеткендери бат болду. Анткени, Икрам менен Алмаз байке жонтерилери жарыла кучакташып көрүшпөдү. Шаршенович салкын кандуу, көптүн бири катары эле кол учунан учурашты. “Шопур” (орустар айтмакчы, “не в своей тарелке”) өзүн ыңгайсыз абалда сезип, шаша-буша көздөн кайым болду. Ошол жерде тургандар да Илмияновду жактырбагансып, жаман көздөрү менен карап аткандарын байкадым.

-- Түрмөдөн “жогору” жактагылар менен келишим-сүйлөшүүлөрдүн негизинде чыктыбы?

-- Атамбаев жолугушууда “менин түрмөдөн чыгышыма Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жардамы болду” деди. Мындан сырткары, мен билгенден КСДПны жетектеп аткан Темирлан Султанбеков менен үй-бүлөсү, анын ичинде балдары да таасир этти. 

-- Балдары демекчи, эрке кызы Алия келдиби?

-- Ооба, Алияны көрдүм. Раиса Атамбаева болсо көпчүлүктүн арасында билинбегени менен ал да жүрдү. Бир сөз менен айтканда, “атамбаевчилердин”, “ак ит, көк ит” баары болду, анын ичинде мен Алмаз Шаршеновичтин жанында жүрдүм.      


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер