Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Кыргызстанда 340 миңге жакын бала социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашайт
Кыргызстанда 340 миңге жакын бала социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашайт
01-июнь, 21:09

Бул тууралуу улуттук статистикалык комитет билдирди. Маалыматка караганда, 2020-жылы 18 жашка чейинки курактагы 1,9 миң балдар жана өспүрүмдөр ата-эненин кароосуз калган. Алардын ичинен болгону 674ү гана томолой жетимдер.
2021-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернаттарда ата-энесинин кароосу жок калган миңге жакын жетим бала жашаган.
Өткөн жылы 7 баланы чет өлкөлүк жарандар асырап алышкан. Статкомдун айтымында, 1 миң 670 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда, 638 бала асырап алынган.