Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Алмаз Бейшеналиевге 300 долларды ким таштап кеткен?

Министр Алмаз Бейшеналиевге 300 долларды ким таштап кеткен?

26-февраль, 10:30
650 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү жана илим министри Болот Купешов иштей албай, ден соолугуна шылтап, жумуштан кетти. Ордуна экинчи ирет Алмаз Бейшеналиев дайындалды. Кудайдын буйругу экен. Эми тажрыйбасын, уюштургуч жагын көрсөтүшү керек. Ал эми тазалыгы кандай? Ушул жерден ишенимдүү өздүк булагыбыз айткан кепке токтололу.  

Оштон бир чиновник кол куушуруп, ийилип министрдин кабинетине келип, машакаттана сүйлөшүп отурат. Аягында 300 доллар сунса, Алмаз Бейшеналиев албай коёт. Тиги кургур берип көнгөнбү, айтор, кагаздардын арасына байкатпай кыстарып, баса бериптир. Билгизбей. Ал кеткенден кийин жашырылган акчаны Алмаз мырза көрүп калып, аябай бушайман жеп, түнү менен уктабай чыгат. Өзүн жаман сезип. Эртеси таңатпай Ошко учкан биринчи рейстеги самолётко 300 долларды салып жиберип, бөжөңдөй келген жетекчиге капа болгонун айтып, катуу эскертүү берет. Шагын сындырып... 

Албетте, ушул көрүнүш баарына үлгү болушу абзел. Эми да пара сунуштап, бузганга аракет кыла турган чиновник, кошоматчылар четтен чыгышса керек. Бул маалыматты окугандан соң тыйылып калышабы, же?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер