Эмил Үмөталиев менен Уран Сыдыгалиевдин сукбаты
Бизнеске болгон кысым, ишкерлердин абалы, кирешелердин азайышы, өкмөттөн күткөн колдоо тууралуу маек ишкер Эмил Үмөталиев жана экономист Уран Сыдыгалиев менен болду.
-- Сыймык Жапыкеев бизнести колдоо максатында, болуп келген кысым көрсөтүүлөргө катаал чара колдонуларын айтты. Бул маалыматты ишкерлер чөйрөсү сүйүнүү менен кабыл алышса керек?
Эмил Үмөталиев: -- Азыркы кырдаалда таза иштеген ишкерлерди миң үркүткөндөн кийин бир сүйүндүрүү оор нерсе. Ишенүү жаратууга көп иш, узак убакыт керек.
Уран Сыдыгалиев: -- Ооба, текшерүү азайып, колдоо көбөйсө, ишкерлер сүйүнөт. Бирок, эмне чаралар каралып жатканы так айтылса болмок.
-- Мамлекеттик органдар тарабынан бизнеске кандай кысымдар болуп келген?
Уран Сыдыгалиев: -- Ишкерлерди дээрлик баардык мамлекеттик органдар кысымга алат.
Эмил Үмөталиев: -- Өтө эле көп. Ашыкча кийгилишүү, салык кысымы. Негизи эле бизнеске келгенде күнөөлөө бир тараптуу болуп келет.
-- Пандемия жана акыркы саясый абалдан улам абалыңыздар мурдагыдан да оорлошуп кетти өңдөнөт?
Эмил Үмөталиев: -- Ооба, көп ишканалар жабылды. Кызматташкан тараптар ишсиз, кирешесиз калды.
-- Мурдагы бийликтегилер деле бизнести колдоо керектигин айтып жүрүшчү. Ал сөздөр иш жүзүнө ашчу беле?
Уран Сыдыгалиев: -- Ар кандай шайлоо маалында көп эле колдоо жөнүндө айтып келишет. Бирок, алар чала аткарылганын экономикабыздын азыркы кейпи көрсөтүп турбайбы.
Эмил Үмөтөлиев: -- Ар биринин айтканы менен кылганы айырмаланып турчу. Ишкерлерге жол 1990-2003-жылдары көбүрөөк ачылган. Андан кийин коррупция күчөдү.
-- Өкмөт тараптан эң чоң жардам катары эмнени күтөсүздөр?
Эмил Үмөталиев: -- Парламентаризмди орнотуу. Жергиликтүү бийликтин өсүшү. Сот, бажы, укук коргоо системаларындагы реформалоону күтөбүз.
Уран Сыдыгалиев: -- Өкмөт өз функцияларын таза, түз, ачык алып барса. Элге, бизнеске стабилдүүлүктү көрсөтө билсе жакшы болмок.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити