Акылбек Жапаровдун аракети бар, бирок айрым кадрлар бутуна тушамыш сыңарындай оролууда


Өкмөт башчы Акылбек Жапаров чындыгында кыйын экен. Күндө чыгып аткан көйгөйлөрдү жайгарып, эл менен байма-бай жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Министрлер кабинетинин иштөө ыргагы барган сайын жанданууда. Мурдагы “колбала” Улукбек Мариповго караганда Акылбек Жапаровдун иштегени кыйла алдыда, камчы салдырбаганы, өз демилгеси бар экени байкалды. Баардык тармактардын кемчиликтерин талдай алары, тийешелүү тапшырмаларды берүү менен өргө сүрөгөнгө үмүт жаратууда. Эсеп-кысапты, экономиканы тереңден түшүнгөн, “чычканга кебек алдырбаган” каарманыбыз менен өлкөдөгү түмөн кыйынчылыктарды жеңе алабызбы? Албетте, убакыт керек. Бул жагынан айрым жогорку эле кызматтагы кадрлар Акылбек Жапаровдун бутуна тушамыш сыңарындай оролушуп, аксатып атканы байкалат. Кези келгенде аларды да тизмектейбиз.
"Азия Ньюс" гезити











