Акыркы кабарлар
» Коом » Жамин Акималиев: “Министр Аскарбек Жаныбековдун куру убадаларынан эл тажап бүттү”
Жамин Акималиев: “Министр Аскарбек Жаныбековдун куру убадаларынан эл тажап бүттү”
12-декабрь, 09:00

Улуттук илимдер академиясынын академиги, айыл чарба илимдеринин доктору менен маек.-- Жамин ага, президенттин айыл чарбасына бөлгөн 14 миллиард сомду министр Жаныбеков канчалык натыйжалуу иштете алды?
-- Жакында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылы өлкө экономикасынын 4,5 пайызга көтөрүлгөнүн жарыялады. Тармактарга токтолсок, өнөр жай 1,3 пайызга, тейлөө тармагы 4,9, курулуш 14,6 пайызга өскөн. Ал эми агрардык өлкөнүн экономикасынын негизги тармагы болгон айыл чарбасы өнүгүүнүн ордуна артка кеткен. Башкача айтканда, “0” деген көрсөткүчтү берген. Сөзсүз мындай ыплас иштерге айыл чарба министринин жообу даяр, “күнөө министрде эмес, күнөөнүн баардыгы аба ырайында”. Макул, кептин баары кургакчылыкта дейли. Андай болсо эмне үчүн айыл чарбасына жардам катары президент атайылап бөлгөн 14 миллиард сом жаратылыш кырсыгына туруштук бере алган жок? Андай ири өлчөмдөгү бюджеттик каражат кайда кетти? Кандай пайдаланылды? Бул жагын башкы прокурор Курманкул Зулушев менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кылдаттык менен карап коюшса максатка ылайык болот эле. Кеп бир нече миллиарддар жөнүндө болуп жатпайбы... Мына кечээ эле опера жана балет театрынын директорун “мамлекеттик мүлктү ижарага туура эмес бергендиги үчүн” жоопко тартып жатышканын уктук. Ал эми Аскарбек Жаныбеков башкарган айыл чарба министрлиги мамлекеттин ичиндеги өзүнчө эле “мамлекет” болуп жатпайбы! Ал жерде 11 миң киши иштейт. Бул министрликке айыл чарбасы гана эмес, суу чарбасы, токой чарбасы, балык чарбасы, ветеринардык кызмат, жер ресурстар кызматы, өсүмдүктөрдү коргоо департаменти, органикалык айыл чарба департаменти, механизация, технология жана кооперация департаменти, жайыт жана асыл тукум мал департаменти жана башка толгон токой бөлүмдөр, секторлор, башкармалыктар жана мекемелер бар.
-- Айыл чарба минстрлиги “0” деген көрсөткүчтү берип атса, мындан аркысы кандай болот?
-- Мындай натыйжасыз министрликти кармап туруш үчүн 2023-жылы мамлекеттик бюджеттен 12 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Айта кетчү нерсе, бул сан 2022-жылга караганда 3 миллиард сомго көп. Мындан тышкары, мен жогоруда айтып кеткендей, айыл чарбасын өнүктүрүү максатында президент тарабынан кошумча 14 миллиард сом бөлүнгөн. Ушундай болуп көрбөгөндөй мамлекеттик жардамдардан кийин айыл чарба тармагынын 2023-жылдагы өсүшү нөл пайыз болсо, аны эмне менен түшүндүрсө болот? Буга бир гана жооп бар, ал – айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун жаман иштегендиги жана жоопкерсиздиги. Эми ушундай "зор жетишкендиктерден" кийин биздин жогорку бийлик ага карата кандайдыр бир чара көрөбү же жокпу? Же айыл чарбасы мындан ары деле ашмалтай боло береби? Айыл-кыштактарда жашаган биздин 4,5 миллион жарандарыбыз ошол айыл чарбасы менен гана тиричилик кылып жатпайбы. Муну кантип эсепке албай коёбуз? Эмне үчүн республикабыздын жалпы калкынын 65 пайызын түзгөн элеттик элдин убалынан коркпойбуз?
-- Анткен менен министр убадаларды укмуштуудай берип, бир чети элди тажаткан жокпу?
-- Айыл чарба министрлигинин негизги ыйык милдети – бул азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Аскарбек Жаныбековдун министр болуп келгенине үч жыл болгону калды. Ушул мезгилде анын кургак жана куру убадаларынан эл тажап бүттү. Мына быйыл эле жыл башынан бери "кошумча дагы эки азык менен өлкөнү камсыз кылам" деп бир нече жолу ант берген. Сөз кумшекер, эт жөнүндө болгон. Бирок бул дагы калп болуп чыкты.
-- Ооба, андан аркысын айтсаңыз?
-- Физиологиялык норма боюнча бир жылда бир кишиге 30 килограмм кумшекер талап кылынат. Демек, 7 миллион калкыбыз үчүн жыл сайын биз 210 миң тонна кант өндүрүшүбүз керек. Министрдин ою боюнча бизге жылына 150 миң тонна эле кумшекер керек экен. Бул дагы туура эмес. Элибиздин саны кийинки жылдары бир топ өсүп кеткенин ал байкабай калса керек. Туура, быйылкы жылы кант кызылчасынын аянты 13 миң гектарга чейин көбөйтүлдү. Бирок, Орто-Токойдой болгон көлөмдүү суу сактагычыбыз (450 миллион куб метр суу) болуп, Чоң Чүй каналы жаныбыздан жалтылдап агып турса дагы, айыл чарба министрлиги берекелүү Чүйдү суу менен камсыздай алган жок. Натыйжада, түшүмдүүлүк аз болуп, быйыл 75 миң тонна гана кумшекер алганы калдык. Демек, биздин кантка болгон керектөөбүз 36 пайызга гана өзүбүздүн өндүрүшүбүз менен жабылат. А министрдин эсептөөсүнө таянсак деле кумшекер менен 50 пайызга гана камсыз болот экенбиз. Ал болсо "толук камсыздайм" деп убада берген. Ошентип анысы дагы аткарылбай калды.
-- Чын-чынына келгенде, кайсы бир жылдары кумшекер өзүбүзгө жетип, ашканын коңшу өлкөлөргө сатчу элек го, же андай эмеспи?
-- Айтып койчу нерсе, биз 90-жылдарда эле жылына 400 миң тоннадан ашык кумшекер өндүрүп келгенбиз. Өзүбүздөн ашканын Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга сатчубуз. Быйыл болсо болгону 75 миң тонна гана шекер өндүрөбүз. Адистердин пикиринде, өлкөбүздү кумшекер менен толук камсыз кылыш үчүн биз кант кызылчасын 13 миң гектар эмес, 30 миң гектар жерге себишибиз керек жана түшүмдүүлүк 500 центнерден кем болбошу зарыл. Мындай көлөмдөгү кызылчаны кайра иштетүү үчүн азыркыдай эки кант заводу эмес, төрт завод керек болот. Ушундай так эсеп-чотторду министрдин билбегени уят эле иш. Ошентип, быйылкы жылы кумшекердин бизге керек болгон өлчөмүнүн жок эле дегенде 60 пайызын сырттан сатып келүүгө мажбурбуз. Аны биз негизинен баягы эле Россиядан сурайбыз. Алтургай биздин заводдорубуз кызылчанын аз болгондугунун кесепетинен алыскы Бразилиядан камыш өсүмдүгүн (тростник) алып келип, кайра иштетебиз деген ойлору бар экен. Бул эми акылга сыйбаган иш да. Анткени, Чүй өрөөнү кант кызылчасынын табыгый мекени болуп эсептелет. Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова жана Күлсара Сулаймановалар мындай касиеттүү жерден кокусунан чыккан эмес.
-- Кант кызылчасы, аны менен бирге кумшекер жагы түшүнүктүү болду. Эми эт жагына келели...
-- Министр миң убада берсе дагы, элибиздин эт менен толук камсыз болушу чоң күмөн жаратат. Илимий негизделген физиологиялык норма боюнча ар бир кишиге жылына 61 килограммдан эт керек. Демек, 7 миллион калкыбызга бир жылда 427 миң тонна чылкый эт талап кылынат. Биздин республикабыз болсо 2022-жылы 441 миң тонна чылкый эмес, тирүүлөй гана этти өндүргөн. Тирүү малдан орто эсеп менен 60 пайыз таза (чылкый) эт чыгарын эсептегенде, биз элибизди өзүбүз өндүргөн эт менен 62 гана пайызга камсыз кылат экенбиз.
-- Бизде эт менен камсыз кыла турган мал жандыктары азбы же жайлоо, тоют маселеси көйгөйбү?
-- Өлкөбүздө 6,4 миллион үй канаттуулары, 6,2 миллион кой-эчки, 1,8 миллион кара мал, 534 миң жылкы жана 58 миң топоз бар. Мындан тышкары, биз 9,1 миллион гектар бетеге баскан бийик тоолуу жайлоолорду ээлейбиз. Малга керек болгон жем жана кесек тоюттарын төмөнкү өрөөндөрдө өстүрөбүз. Ушундай мол байлыктар колубузда туруп, элибизди эт менен толук камсыздай албай, аны сырттан ташып келгенибиз кемчилик эмей эмне?! Ал эми ушуга улай, жумуртка менен 60 пайыз, нан менен 45 пайыз, ал эми өсүмдүк майы менен 20 пайызга гана өзүбүздү өзүбүз камсыздай алабыз. Жыйынтыктап айтканда, тамак-аш коопсуздугун түзгөн 9 азык-түлүктүн 3 түрүн гана өзүбүздө толук өндүрүп, калган 6 түрүнүн (нан, кумшекер, өсүмдүк майы, мөмө-жемиш, эт жана жумуртка) көпчүлүк өлчөмүн башка мамлекеттерден кымбат баада сатып келебиз. Ушуга байланыштуу азык-түлүктүн баасы асманга чыгып, карапайым элибиздин кыйналып турган кези. Мындай социалдык оор акыбалдын негизги себепкери айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити
"Азия Ньюс" гезити











