Акыркы кабарлар
» Саясат » Максат ажы да адашты, мындан ары сабак болушу керек
Максат ажы да адашты, мындан ары сабак болушу керек
18-февраль, 19:13

MCN coin менен шугулданган балдарга Максат Токтомушев Арабиядан бата берип, элди козуткан видеосу тараган. Чайын да ичиптир. Абройлуу молдо шыктандырып, үгүттөп атса, башкалар карап турушабы? Негизи Максат ажынын колдоочулары, тарапташтары арбын. Ага карап түздөнүп, ээрчигендер да көп. Мындай шартта этияттап, байкашы керек эле. Элди алдагандарга шыкакчы болуу жарабас. MCN coin боюнча айткан сөздөрүнө, бата бергенине Максат Токтомушев өкүнүп, алардын артын, таржымалын сурабаганына кыжалат болгон билдирүүсү соцтармакка тарады. “Адашкандын айыбы жок, айланып үйүрүн тапкан соң” демекчи, эми кайра сөздөрүн оңдоп, жамы журтка туура багыт берүүсү маанилүү. Мындан ары сабак болсун.
"Азия Ньюс" гезити