Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдик коломтодогу эмгек идеологиясы

Элдик коломтодогу эмгек идеологиясы

14-декабрь, 21:51
1 131 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоталитардык системанын доорунда биздин жарандардын көбүндө бир көнүмүш адаттын калыптанганы ырас эле. Бул тыштан келген идеаларга, жогортон түшүрүлгөн көрсөтмөлөргө, империялык борбордо даярдалган белен стандарттарга ориентация жасоо. Коммунист кыргыз өз жергесинде өз алдынча чыгармачыл сочинение жазганга эмес, Кремль тараптан чыккан диктовка менен “диктант” жазганга көбүрөөк ык алган болчу. Бүгүнкү күндө кээ бир ак калпакчан атуулдардын кыргыздар эмгекчилдиктин өрнөгүн кытайлардан, япондордон, немистерден же дунган, корейлерден үйрөнүшү зарыл (!) деп гезиттерге жазгандарына, телеэкрандан сүйлөгөндөрүнө күбөбүз. Мындай ойлор биздин чөйрөдөгү чет жактагы белен үлгүлөргө механикалык түрдө түздөнүп көнгөн адаттын инерциясы катары ойлойбуз. А чындыгында, кыргыздын өзүнүн улуттук коломтосунда алтынга алмашкыс ажайып кенч дөөлөттөр, эмгек, эмгекчилдик, мээнеткечтик жөнүндө “сакадай бою сары алтын” асыл нарктар, эң сонун элдик тажрыйба, тарых-таржымал, сабак-нускалар уюп жатат. Мына, улутубуздун улуу мурасы “Манаска” карайлы.  

Кытай-калмак ханы баскынчы Алоокенин кандуу алааматынын айынан Ала-Тоодон зордук менен ажыратылып, кул, туткун катары, ачжылаңач, азып-тозуп Алтайга сүрүлүп келген кыргыздар “Алдыга салса ак жолтой, сүйлөгөнү жарыя, калың кыргыз ичинде, кадыры бийик карыя” Акбалтанын айланасына баш кошкон. Дагы айталы, “Колу артына байланып, кой ордуна айдалып” карып болуп, не кыларын билбей, айласы куруп турган элге кайрылып, Акбалта: “Медер кылып жүрүүчү, белгилүү кыргыз элиң жок, керүүгө тиккен багың жок, керсейип жүрөр чагың жок, талаага тиккен багың жок, дардайып жатар чагың жок. Эмгек кыл балдар, эмгек кыл, акыңды эмгек кайырат, арыганың семирет, ачкан курсак тоюнат, алтындын кенин казалы, кетмендеп жерди оёлу, жан аябай турушуп, аябай жанды багалы, кар жер менен урушуп” деп жалындуу чакырык таштап, арып-азган боордошторунун аман калышын дыйканчылык кылуудан көрүп, көпчүлүктү артынан ээрчитип, аларды өлбөй тирүү калуу өздөрүнүн колунда экендигине ишендирип, “кара жер менен урушууну” (дыйканчылык ишин) чечкиндүү түрдө уюштурат. Акбалтанын демилгесин Ороздунун уулу Жакып: “Азып келген кыргыздар, Акбалта тилин алалы, агызып терди маңдайдан, аштыкты кенен салалы, кайгынын баарын коёлу, кара жерди биз быйыл, кетмендеп жатып оёлу” деп катуу колдойт. Бир сөз менен айтканда, кыргыздар түн уйкусун, күн тынымын билбей, өмүр же өлүм деп “төбөсү менен жер казган” өжөр эмгек, мээнеттин натыйжасында ачкачылыктан, жакырчылыктан чыгышып, акыры экономикалык жактан бутуна турушуп, өздөрүн өздөрү сактап калууга жетишишет. Ороздунун уулу Жакып кырк миң жылкы күтүүгө, сандыгын сары алтынга толтурууга үлгүрөт. Мына ошентип, кыргыздар Алтайда ченде жок күжүрмөндүүлүк жана өжөрлүк менен кара жерден ырыскы, бактаалай табуунун өрнөгүн көрсөтөт.  

Алтайдагы кыргыздардын өжөр эмгегинин натыйжасы жөнүндө эл мугалими Бектур Исаков төмөндөгүдөй оюн ортого салат: «Ошентип Акбалтанын акылы аркылуу кыргыздар байып калышты. Ал эми мындай бакубат, бардар, бай болуудан эмнени аңдап билүүгө болот? 

Төмөндөгүлөргө сереп салыңыз: 1. Кара калмак, манжуу журтка теңата болуп жашай алат дегендик. 2. Кырк үйлүү журт чогуу-чаран жашап, тилин, салт-санаасын, ырым-жырымын өз алдынча жүргүзө алат дегендик. 3. Башка эл-журт менен алыш-бериш, ар кандай мамиле жүргүзүүгө кудурети жетет дегендик. 4. Бир топ кыйынчылыктарды материалдык байлыктын күчү менен жеңип кете алат дегендик. 5. Күндөлүк турмушу үчүн гана эмес, келечектеги укум-тукум үчүн кам көрө алууга мүмкүнчүлүгү бар дегендик. Демек, кыргыздар акыл, ал аркылуу адал мээнет менен байлык топтоонун аркасында кара калмак, манжуу журтка сиңип кетпей, өзүнүн улуттук ажарын, табигый түр өзгөчөлүктөрүн сактап калышкан» (Б.Исаков. Кыргыздар элдигин кантип сактап калган? – Бишкек, «Учкун», 2006, 16-17-беттер). 

Алтайдагы кыргыздардын тагдыр кылдын кырында кылтылдап турганда оор кризистен кантип чыкканы бүгүнкү биздин тукумдарыбызга орчундуу сабак. Жанагындай, кээ бир ак калпакчан атуулдардын кыргыздар эмгекчилдиктин өрнөгүн япондордон же дунган, корейлерден алуу зарыл деген компетентсиз ойлоруна карата биз, тескерисинче, азыркы кыргыз жарандарына эмгекчилдиктин, күн-түн тынбаган мээнеттин үлгүсүн дал ушул «Манастан» алуу керек деп айтар элек. Алтайдагы кыргыздардын мээнеткечтиги, керек болсо япондорго деле сабак. Экономикалык жактан оңолуш үчүн өрнөк үлгүнү башка жактардан эмес, өз бир боор кыртышыңдан издегениң, алганың эп, өз рухий мурасыңдын философиясын терең үйрөнгөнүң жөн дегибиз бар. “Манаста” кыргыз жери – Ала-Тоо “береке экен, бел экен, пенде көрчү жер экен, жердеген адам бай болор, түгөнбөс ырыс-кен экен” деп мүнөздөлөт. Бирок айта турган нерсе, албетте, ушул жерди адам жөн эле конуштаса эле, жердесе эле, ал өзүнөн өзү ырыска тунуп, бай болуп калбас. “Манастын” көркөмдүк образдык логикасынан ушул жерди барктап-баалап, кадырына жетип, чекеден тер агызган ак эмгек менен бул жерди кетмендеп иштетип, жогорудагы Алтайга ооп барган кыргыздарчылап Ала-Тоодо “төбөсү менен жер казып”, түйшүктөнсө гана адам ырыс-кешикке, түгөнбөс береке байлыкка ээ болмок деген идея чыгып турат. А азыр эгемендүүлүктүн учурунда болсо, минтүүнүн ордуна “жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы” делген берекелүү асыл жерибизди таштап, оңой табылчу оокат издеп, бакытты башка жактан табам деп чоочун жактарга тентип кетип жатышкан кыргыз жарандарынын тагдыры таңгалычтуу, аянычтуу да, өкүнүчтүү дагы. Ошол эле учурда мына бу катарыбыздагы дунган туугандар эч жакка жер которуп кетпей эле дыйканчылык мээнети менен бакытты кыргыз жеринен таап жатышат го. 

“Манастагы” “эмгек кыл, акыңды эмгек кайырат, арыганың семирет, ачкан курсак тоюнат” деген корутундудан улам ата-бабаларыбыз эмгек деген нерсени материалдык молчулуктун, татыктуу, таалайлуу жашоонун улуу куралы катары карагандыгын туябыз. Жокчулук, кедейлик кендирди кесет, канатыңды жайылтпайт, уучуңду узартпайт. Ошон үчүн илгеркилер «Манастын” осуяттарынын духунда "Жоктун жону катуу", "Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет", "Ач киши урушчаак, арык кой тырышчаак", "Өрүш малдуудасторкон майлуу", "Даны жоктун наны жок, наны жоктун жаны жок" деп жакырчылыкты жамандык катары санаган накылдарды бизге калтырган. Ушундан улам элибиз "Ачтын аңы жүрбөйт" деп өпчап жашоодон, итке минген кедейчиликтен кутулуунун аргасын издеп, бардар турмушка, майкөл-сүткөл жашоого, ырыс-кешиктүү оокатка (жогорудагы алтайлык кыргыздарды эстеңиз) умтулуп келген. Ошондуктан "Эки бээлүү эл сактайт, жалгыз бээлүү жан сактайт", "Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эгизди, эки жылда сегизди", "Эгин айдоо – байлык айдоо" деген насыйкаттар тукумдарга калган. Ал эми жетиштүү, мартабалуу турмушка жеткире турган байлыкты табыштын, күтүштүн жолун калкыбыз жанагинтип, күн-түн тер төккөн чаалыкпас эмгектен, талыкпас мээнеттен көрүп, "Кулча иштеп, бийче же", "Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот", "Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер", "Эмгеги аздын өнмөгү аз", "Күн караган суукка тоңот, бай караган ачтан өлөт", "Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң" деген алтынга алмаштыргыс насааттарды урпактарына мурастап туруп, бул дүйнөдөн көчүшүптүр. 

Мына ушинтип, эмгектин культу, эмгек идеологиясы өзүбүздүн рух казынабызда, “Манаста” турат. Кыргыздардын эмгекчилдиги, айрыкча устачылык, кол өнөрчүлүк жагындагы артыкчылыктары илгертен айлана-тегеректеги калктарга даңаза боло келген. Буга тарыхый маалыматтар да күбө өтүп турат. Маселен, “Байыркы мезгилден бүгүнкү чейинки Сибирь тарыхы” аттуу эмгекте: “Орто Енисейдеги кыргыздарда кол өнөрчүлүк өнүккөн. Анын ичинде металл иштетүү биринчи орунда турган” деп жазылат. 

Улуу “Манас” эпосунда күн-түн тынбаган ак эмгектин, маңдайдан тер шорголоткон адал мээнеттин аркасында эл-журтка атагы чыккан адамдар көкөлөтө даңкталат. Буга байланыштуу «Манастагы» атактуу Бөлөкбай устаны аргасыздан эске түшүрөбүз. Манас баатырдын «учун кайкы чыгарган, ууга аябай сугарган, түн ичинде сууруса, өрт күйгөндөй кызарган, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен» албарс кылычын, «камыш кыйып каптаган, тарамышка чаптаган, темирин сегиз кырдаган, он эки түрдүү сырдаган, учун ууга сугарган, бөрү тил мизин чыгарган, шамалга тийсе ырдаган, тийген жери ырбаган» керемет сыр найзасын жасаган теңдешсиз чебер уста Бөлөкбайдын укмуштуу өнөрү жана чаалыкпас эмгекчилдиги адамды таңгалдырбай койбойт. Ошондой эле журттун ичиндеги колунан көөрү төгүлгөн устарларды, жез оймок уздарды, көзгө атар мергендерди, балбандарды жана башка түркүн өнөрлүүлөрдү чогултуп, алардын күчүн уюштуруп, эл үчүн маңдайдан тер агызган мээнетке чегип, өзү да белин оорутуп, колун жоорутуп, көз майын коротуп, айлап-жылдап түйшүккө белчесинен батып, узак эмгектенип, Манастын кырк чоросу жана кошууну үчүн аскердик курал-жарактарды, аспап-шаймандарды, жоо кийимдерин, күлазык, дары-дармекти шайма-шай даярдаган калк энеси Каныкейдин даңазасы эпосто бийик добуш менен жар салынат. Чаалыкпас эмгекмээнеттин натыйжасында эсепсиз байлыкка ээ болгон атактуу Көкөтөй бай “Манаста”: “Тогуз миң токсон жылкым бар, токсон миң беш жүз коюм бар” деп өзүнүн таман акы, маңдай тери менен ээ болгон байлыгына сыймыктана мактанып турат. 

Кыскасын айтканда, эл турмушунун энциклопедиясы  улуу рух казынабыз “Манас” бизге эмгек – жашоонун пайдубалы, ийгиликтин ачкычы, ырыскы-таалай, берекенин булагы, атак-даңктын атасы, “эмгек  эрдин көркү, эр  элдин көркү” деген философияны тартуулайт. Илгери ырын да ырдаган, Манасты да айткан акын Жеңижок бир ырында эмгек жөнүндөгү өзүнүн оюн чегине жеткире минтип таасын айткан: “Адал эмгек – динибиз, ата-баба – пирибиз, өмүрү бүтпөйт тирилик, жаралган адам эмгектен, жарыша иштеп, түрүнүп”. Акындын ою боюнча адамды адам кылып жараткан эмгек экен. Мындай ой адам баласынын жаралышындагы эмгектин ролу жөнүндөгү дүйнөлүк акылман ойлор менен үндөшүп турат. Адамды адам кылып эмгек жаратып жаткандан кийин инсан эмгекти кантип дин катары, туу катары тутунбай коё алат? Демек, адал эмгектин кулу болуу – адамдын адеп-ахлагынын көрсөткүчү. Жеңижок чыгармаларында даңазалап ырдаган колунан көөрү төгүлгөн, албан түрдүү буюмдарга не бир кооз кыял-сүрөттөрдү чөгөргөн, жез оймок, «ак болот ийне саптаган, ак макмал көрпө каптаган» эмгекчил керемет уздар – суктануубуздун предмети, руханий сулуулуктун символу. Эмгекке сыйынуу, эмгекти дин тутуу философиясын, адал эмгекти жер үстүндөгү баардык жакшылыктардын булагы катары эсептеген даанышмандыкты жана адеп-ахлакты Жеңижок атабыз кезегинде улуу “Манастан” мурастап алган. 

Ошону менен бирге “Манаста” эмгек этпей, мээнет тартпастан даяр оокаттын үстүндө ойноп-күлгөн бекерпоздук, куурай башын сындырбай, белен эт-майдын үстүндө чалчаңдаган эркелик сынга алынат. Буга “топозу токсон миң болгон” ошол эле хан Көкөтөйдүн баласы Бокмурундун образы күбө. Бокмурун кара жумуш деген эмне экенин билбей, түйшүк тартып түйшөлбөй, алтын-күмүшкө бөлөнүп, “ак кол” болуп, эркеталтаң чоңоёт. Бирок эмгексиз эрке өскөн Бокмурунга эс кирбейт. Чоңоюп жигит болсо да, турмуштун өйдө-төмөнүн, ысык-суугун көрбөгөндүктөнэч нерсенин баркын билбейт. Мына, Бокмурундун өзүнүн сөзүн тыңшай кетели: “Эркелик менен ар качан, эртеден кечке уктадым, эркелик менен жаш жүрүп, эчтеме туйбай мас жүрүп, эл кадырын билбедим”! “Эрке бала эрте бузулат” деп элде айтылгандай, атасы өлүм алдында жатса, Бокмурун кыз издеп Ооганга кетип калат. Ал үчүн баары жеңил, баары оңой, баары текейдей арзан. Бүгүнкү күндө биздин айылдарыбызда, шаарларыбызда ата-энесине жүк болуп, куурай башын сындырбай, бөтөлкө, нашаа менен дос болуп, көчө таптаган бейадеп жаштар, анан калса даярдын үстүндө шапар тепкен Бокмурунга окшогон эркелер азбы? Шапар тепмек демекчи, кенедей түйшүк тартпай, ак нандын үстүндө эрке өсүп, “карга баласын аппагым дейт” дегендей, үстүнө үзүлүп түшкөн бай атасынын долларына ысуулап, эчтекеге эмгеги өтпөй туруп, укмуштуудай кымбат машинада чалкалап-чалчаңдаган бүгүнкү эсирген өспүрүмдөр кимге тааныш эмес? Жакшы деген эмне? Жаман деген эмне?” деген менен иши жок, көздөрү тумандаган мындай жаштар канчалаган адамдарды машинелери менен койдуруп кетип, анан атасынын байлыгынын күчү менен жазадан кутулуп кетип жатышат. Ушундай эмгексиз, мээнетсиз бокмурундардын чардаган жайлары – сауналар, түнкү клубдар, казинолор. “Мушташуу, бирин-бири курал менен коркутуу, зордуктоо мунун баары түнкү клубдарда болот. Чириген байлардын балдары келип, клубга киришип, атайын сулуу кыздарды карап, жанында жигити болсо да, аны коркутуу жолу менен кызды алып чыгып, эч ким жок жерге алпарып, зордукташат” (“Мекен” гезити, 6-март, 2013-жыл). Мынакей, баардыгын арзан көргөн, оңой көргөн, жатып ичер болуп, белендин үстүндө, турмуштун өйдө-төмөнү менен иши жок, эркеталтаң өскөн чүрпөлөрдүн чоңойгондогу “адеп-ахлагы”. Бул турмуштук фактылар адам тукумдары эмгектен ажырап калганда, аны ыйык тутпай калганда, бекерчиликти, жанбактылыкты, эркеликти жанына жолдош кылган кезде кандайча адептикыймандык деградацияга учурап бүлүнөрүн тастыктайт. 

Улуу “Манас” илгерки жана кийинки замандардын бокмурундарынын илдеттерине альтернатива тартуулагандыгы менен кымбат. Жанагы Алтайдагы Жакып ата менен Чыйырды энени кайрадан эстесек. Кырк миң жылкылуу бай ата-энени жалгыз бала Манасты канаттарынын алдына калкалап, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей, куурай башын сындыртпай, Бокмурун сыяктуу эркелетип өстүрүүлөрү мүмкүн эле. Бирок Жакып менен Чыйырдынын ойлоо образы башка болчу. Алар «Мээнет менен жан багыш – адамдыктын белгиси» деген эл накылынын нугунда ойлонгон инсандар. Алтайдын Ак-Талаасына айдалып келген бир ууч кыргыз менен бирге итке минген жакырчылыкка, ачкачылыкка туш болуп, бирок акыры өз күчтөрү, өз таман акымаңдай терлери менен бутуна турган Жакып менен Чыйырды эмгек деген нерсенин баркын жакшы түшүнгөн. Жакып менен Чыйырды эмгектин баланы тотуктуруучу, бышыктыруучу, чыйралтуучу күчүн, жашынан мээнеттүү болсо, чоңойгондо дөөлөттүү болорун, бала кичинесинен эмгекке жатыкса, башына бакыт конорун өз тажрыйбалары аркылуу терең билишкен кишилерден эле. Мына ошон үчүн бала Манастын тарбия-таалим үчүн койчу Ошпурга берилиши Жакып менен Чыйырды үчүн кандайдыр бир кокустук эмес, толук мыйзамченемдүү нерсе болучу. Мына ошентип, Манас Ошпурдун колунда төрт жыл жүрүп, 12 жашка келет. Кыскасы, малчылыктын кыйын-кезең, түмөн түйшүктүү жумушу бала Манастын “балтыр эти толуп”, тотугушуна, кагылып-согулушуна, жаштайынан турмушка күйдүм-быштым болушуна, “кайралып-бүлөнүшүнө” чоң сүрөө болуп, жемиштүү таасирин тийгизген. “Окуган билбейт, токуган билет” дегендей, Манас өзүнчө турмуштук тажрыйба күтүп, эмгек мектебинен Жакып атасы күткөндөй, “сөз айтууга жатыгып, сөөгү бышып катыгып” чыкты. Ошпурдун колунда жүргөн кездеги тарбияаалимден чыккан натыйжа “Манаста” бир-эки сап менен: “Ошпурга барып эр болду, эр уулу менен тең болду” деп жыйынтыкталат. 

Кыскасы, бир сөз менен айтканда, “Манас” дастаны биринчи иретте, эмгек – бул баланы адам катары калыптандыруунун, киши кылуунун, атуул катары жетилтүүнүн бирден бир жолу, анын эрешен тартып эр болушунун, эр уулу менен тең болушунун күчтүү куралы, андыктан чүрпөнү эмгекке жатыктырууну анын «уядагы» кезинен, «көк бүчүр», «тал чыбык» учурунан баштоо зарыл деген үлкөн педагогикалык нусканы бизге осуят катары калтырган. 

 Кыскасы, элдик казынабыздагы нарктардын ичинен эмгек эң жогорку асылбаа дөөлөт. “Адамды адам кылып баккан эмгек, алтынды сансыз кылып тапкан эмгек” (Жоомарт). Эмгек идеологиясын бөтөн жактардан эмес, өз коломтоңдон изде. “Басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин” дегендей, ырыскыны “жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы” деген Ала-Тооңдон тап. “Териң төгүп жерге жак” (Арстанбек). 

Эмгектин эки жолку баатыры, кыргыздын каарман кызылчачы кызы Зууракан Кайназарова элибиздин эмгекчилдигинин өзүнчө бир символу дегибиз келет. 

Жандуу турмуштун мисалы катары бул жерде улуу акын Тоголок Молдо атабыздын үлгүсүн да айтып өтпөсөк болбос. Тоголок Молдонун «Иттин доолдай тиктирем дегени» тамсили эл ичинде ылакап болуп айтылып келет. Акын жалкоолук илдетке альтернатива катары мээнеткечтикти, эмгекчилдикти карама-каршы койгон. Ушул эмгекчилдик сапат жагынан Тоголок Молдо өмүр бою өзгөлөргө өрнөк болгон. Жаш кезиндеги мээнеткечтигин айтпаган күндө да, ал жетимиштен өтүп, каруу-күчтөн тайып калган кезинде да күн-түн тынбаган түйшүк менен жашаган. Сөзүбүз далилдүү болуш үчүн улуу инсандын замандаштарына сөз берели: «Молдокем күнү-күн дебей, түнү-түн дебей чыгармаларын жазат. Түнкүсүн бир оокумга чейин чыракты коюп алып отурганы отурган. Ошондо молдокемдин эмгекчилдигине, чыдамкайлыгына, чыгармачылыкка ашкере берилген адам экенине көзүм жеткен» (Ишенаалы Разакул уулу). «Молдокемди эстегенде, биринчи иретте анын тынымсыз жазып отурган чүкөдөй бою көз алдыма келет. Эрикпей да, чаалыкпай окуп, жазып отура берген ноюбас кишини мен андан кийин деле көргөнүм жок» (Бексултан Кыдырмыш уулу). Мына ушундай күндүзү тыным албаган, түндөсү кара чырактын алдында тирмейип уктабаган түйшүк-мээнети менен акын океандай «Манасты», «Семетейдин», «Сейтектин» толук вариантын, «Жаңыл Мырза», «Шырдакбек», «Эр Эшим», «Мендирман» дастандарын, «Кыргыз тарыхы», «Тарых, түпкү аталар» сыяктуу санжыраларды кагазга түшүрүп, алтынга алмашкыс мүлктөрдү элине, кийинки муундарга белек кылып калтырып кеткен. Караңгычылык, сабатсыздык кезде, кара чырак менен жашаган элет шартында жасаган Тоголок Молдонун мындай эмгектик жана руханий эрдиги таазим кылууга татыктуу.

Улуттук очогубуздагы эмгек күжүрмөндүүлүгүнүн улуу өрнөктөрүн туу кылып, “карууну казык, башты токмок” кылып мээнеттенип, өзүбүздү да, өлкөбүздү да гүлдөтүү биздин колубузда.


Советбек Байгазиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер